Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:24

"CAMCA аймактык кызматташууну өнүктүрүүнү көздөйт"


CAMCA аймактык форуму. Архив.
CAMCA аймактык форуму. Архив.

12-13-июнда Бишкекте Борбор Азия, Моңголия, Кавказ жана Ооганстан аймагын камтыган КАМКА (латын тамгасы менен жазылышы - CAMCA) форуму өтөт. Бул өнөктүк быйыл 10-ирет уюштурулууда. Форумда негизинен экономика, ишкердик, технология жана заманбап чакырыктар талкууланып, катышуучулар үчүн жолугушуу, кызматташтык аянтчасы түзүлөт. Бул форумдан кандай жыйынтык күтүүгө болот? Бул уюм камтыган аймактардын кызматташуусу кандай?

Бул тууралуу КАМКА аймактык форумунун Кыргызстандагы координатору, уюштуруу тобунун жетекчиси Женни Жеңиш кызы жана “Тазар” коомунун жетекчиси Айнура Сагын менен маектештик.

- Женни, Айнура, студиябызга кош келиңиздер. CAMCA деген, биздин түшүнүшүбүзчө, форум камтыган аймактардын аталыштарынан бириктирилген сөз окшойт. Форумдун максаты, миссиясы, күтүүлөрү кандай?

Жеңиш кызы: - CAMCA - Борбор Азия, Моңголия, Ооганстан жана Кавказ аймактарынын англисче аталыштарынын баш тамгаларынан кыскартып алынган сөз. Борбор Азиядан беш өлкө – Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан болсо, Кавказдан Азербайжан, Грузия, Арменияны кошкондо жалпы он өлкө камтылат. Бул жерде америкалык тарыхчы Фредерик Стар жазган “Жоготулган агартуу. Борбор Азиянын алтын доору” деген китеп тууралуу айтып кетүү керек. Анда автор изилдөөгө таянып, тарыхта ушул он өлкөнүн Жибек жолу аркылуу соода, маданий байланышы тыгыз болгонун жазган. Кийин эмнегедир бул байланыш басаңдап, карым-катыш оорлоп кеткен. Ошол себептүү бул аймактардын байланышын мурдагы калыбына кантип алып келе алабыз деген суроо турат. CAMCA форуму көтөргөн маселе ушул. Кыргызстан – чакан өлкө жана деңизге чыгууга жолу жок. Мындан улам бизге аймактык кызматташуу аябай зарыл.

Форумдун негизги максаты – он өлкөнүн ортосундагы экономикалык өсүү, социалдык өнүгүү тармагында диалог түзүп, бул жаатта иш алып баруу. Мында уюм камтыган өлкөлөрдүн жарандарынын ортосундагы адамдык байланышты чыңдоо да башкы максаттардын бири.

Форумда геосаясаттан баштап, экономика, инвестиция, ишкердик, жаңы медиа, билим берүү жана лидерлик боюнча да пленардык талкуулар болот.

- Форумдун форматы, жүрүшү кандай болот?

Айнура Сагын: - Форум эки күнгө белгиленген. Анын алкагында бизнес-EXPO өтөт. Ага 20 бизнес уюму катышса, анын 15и жергиликтүү компаниялар болот. Алардын алтоо IT, дагы бешөө өндүрүш компаниялары өздөрүнүн кызмат көрсөтүүлөрүн жана өндүрүшүн сунуштайт. Көргөзмөгө катышкан компаниялар өздөрүнүн товарларын же кызмат көрсөтүүлөрүн CAMCA камтыган аймактарга жайылтуу үчүн мүмкүнчүлүк катары ушул аянтчаны колдонушат.

Жеңиш кызы: - Жалпысынан жогоруда айткан 6-7 теманын негизинде 77 спикер чакырылган. Кыргызстан чакан өлкө болгону үчүн башка өлкөлөрдөгү өзгөрүү, инновация, технологиялык жаңылануу боюнча акыркы маалыматтарды ала алабыз деп ойлойм.

Биз бул аймактык форумдун алкагында Кыргызстанды кантип таанытабыз деп ойлондук. Ресурс, калктын саны жагынан алдыда эмеспиз. Туризм дегенибиз менен, кошуна Өзбекстан да туристтерди көбүрөөк тартып жатат. Сөз эркиндиги, демократия жагынан Моңголияда абал кыйла туруктуу. Ачыктык, инвестициялык климат жагынан Грузиянын көрсөткүчтөрү бизден кыйла жакшыраак. Биз көбүнесе аймактар боюнча ушундай салыштыруу менен карайбыз. Мунун өзү туура эмес. Мындай жагдайда Кыргызстан жогоруда саналгандай артыкчылыгы болбогону менен, биз бул аймактардын ортосунда ортомчу же фасилитатор боло алабыз. Аймактардын ортосундагы кызматташтык, көйгөйлөр, алдыдагы чакырыктар ушул жерде ачык талкууланып, диалог жүрөт.

- Аймактардын ортосундагы кызматташтыкка кедергисин тийгизген көйгөйлөр же форумда талкуулана турган бул маселелер кантип тандалды?

Айнура Сагын: - Алсак, Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине киргени менен, чек арадан өтө албай, кезек күткөн жүк ташуучу унааларды кездештирип калабыз. Бул маселени да талкуулашыбыз керек. Мындан улам транспорт жана транзит деген теманы тандадык. Аймактык бизнес жана инвестициялар темасында каржы булактары, товар алмашуу боюнча талкууланат. Ошондой эле санарип өнүмдөрдү экспорттоо да маанилүү болуп турат. CAMCA камтыган өлкөлөрдүн ушул жана башка орток маселелери талкууланып, диалог жүрөт.

- САМСА саясий эмес аянтча деп айтылып жатат. Бирок коюлган максаттарды караганда аймактык, экономикалык кызматташуулар кайсы бир деңгээлде саясий чечимдердин кабыл алынышын талап кылбайбы? Форумдан кандай жыйынтык күтүлүп жатат?

Жеңиш кызы: - Албетте, аймактык кызматташуу үчүн стратегия, жол карта, сунуштама дегендер маанилүү. Бирок андан да зарылы адамдык байланыштар болуп турат. Мен бир жолу Казакстанда тарыхчы Фредерих Стар менен сүйлөшүп калып, “тарыхта кошуна мамлекет менен бекем карым-катыш болгону менен, азыр мындай мамиле жок” десем, ал мунун себеби “байланыштын жоктугу” экенин айткан. Мисалы, кечээ өзбекстандык бир досубузду тосуп алдык, ал Кыргызстанга биринчи жолу келип жатыптыр. Казакстандык дагы бир кесиптешибиз биздин өлкөгө мындан он жыл мурда келген экен. Борбор Азия ич ара жакынбыз дегенибиз менен, биздин байланышыбыз өтө жакшы эмес. Ошондуктан байланышты бекемдөө баарынан маанилүү.

Форумдун алкагында 77 спикердин айткан сунуштарын, талкуудагы ойлорду бириктирип, бир журнал чыгарууну ойлонуп жатабыз. Бул өкмөткө, өнөктөштөргө бериле турган сунуш түрүндөгү эмгек болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG