Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июнь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:05

Кемпир-Абад иши: Дагы үч шектүүнүн иши өзүнчө өндүрүшкө бөлүндү


Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын айрымдары. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Кубанычбек Кадыров эркиндикте.
Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын айрымдары. Сүрөттөгүлөрдүн ичинен Бектур Асанов, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Кубанычбек Кадыров эркиндикте.

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылгандардын арасынан ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун иши өзүнчө бөлүндү.

Бул тууралуу ушул иш боюнча шек саналып Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбековдун абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды. Маалыматты адвокат Кантемир Турдалиев ырастады.

Бектур Асанов ооруп жаткандыктан 7-февралда, Кеңешбек Дүйшөбаев ушундай эле негиз менен 21-майда эркиндикке чыккан. Кубанычбек Кадыров болсо март айында үй камагына бошотулган. Ал бир мандаттуу №36 Ысык-Кѳл шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койду.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов. Булардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG