Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:09

Тынчтык корпусунун кезектеги ыктыярчылары англис тилин үйрөтүү үчүн келишти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШнын Тынчтык корпусунун ыктыярчылары “Англисчени чет тил катары окутуу” (TEFL) программасынан алкагында Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы орто мектептерде англис тилинен сабак беришет. Аларды Билим берүү жана илим министрлиги чакырган.

Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилиги маалымдады.

Бул - Кыргызстанда 1993-жылдан бери иштеп жаткан Тынчтык корпусунун ыктыярчыларынын отузунчу тобу. Алар өлкөдөгү билим берүү системасы тууралуу 11 жумалык тренингден өтүшөт. Анда кыргыз тили жана маданияты тууралуу сабактар, англис тилин чет тили катары үйрөтүү жана жергиликтүү мугалимдер менен биргелешип иштөө боюнча сабак алышат.

Тренингди ийгиликтүү аяктаган стажерлор гана август айында Тынчтык корпусунун ыктыярчысы катары ант беришет жана Кыргызстанда эки жылдык кызматын башташат. Ыктыярчылар англис тилин үйрөтүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында жергиликтүү мугалимдер менен бирге иштешет.

Тынчтык корпусу Кыргызстанда 25 жылдан бери иш алып барат. Андан бери мекеме чет элдик 1500ге чукул ыктыярчыны өлкөгө алып келип, балдарга англис тилин үйрөтүүгө салым кошкон. “Англисчени чет элдик тил катары окутуу” (TEFL) программасы Билим берүү жана илим министрлиги менен чогуу жүргүзүлөт.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG