Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:45

Зомбулуктан коргоо тууралуу мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилди


Жогорку Кеңеш.
Жогорку Кеңеш.

"Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 11-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети карап, 2-окууда жактырды. Мыйзам долбоору парламенттин жалпы отурумунун кароосуна жиберилди.

"Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору майдын аягында жалпы отурумдун кароосуна чыгарылып, талаш-тартыш жараткан.

Анда айрым депутаттар кыргыздын каада-салтына туура келбеген кошумчалар киргизилген деген жүйө менен колдоодон баш тартып, мыйзам долбоору комитетке кайтарылган.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган.

Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG