Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:10

Айрым сүт иштетүүчү заводдор элден сүт сатып алууну чектешүүдө


Сүт тапшырып жаткан элеттиктер. Иллюстрациялык сүрөт.
Сүт тапшырып жаткан элеттиктер. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандагы бир катар сүт иштетүүчү ири заводдор элден сүт сатып алууну чектешүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги маалымдады. Ага ылайык, "Үмүт и К" ишканасынын Ысык-Көлдөгү филилалы үч күн элден сүт алган жок, 10-июндан тарта аз өлчөмдө ала баштады. "Ала-Тоо Сүт" заводу ремонтко жабылган. "Ак-Булак плюс", "Сут-Булак" жана "Ак-Жалга" сүт заводдору да элден сүт сатып алууну азайтышты.

"Май-Булак Каракол" жана "Балыкчы-Сүт" заводдору иштетүү дараметине жараша беш суткадан ашпаган өлчөмдө гана алууда.

Чектөөлөр сүт заводдору элден сатылып алынган сүттүн акчасын төлөй албагандыктан жана даяр сүт азыктарын убагында сата албагандыктан улам киргизилгени маалымдалды. Айрым ишканалардын башчылары убактылуу ремонт жана башка себептерден улам жабылганын билдиришкен.

Маалыматта жазылгандай, Ысык-Көл облусундагы сүт заводдордун өкүлдөрү жакынкы күндөрү элден сүт сатып алуу жанданарын, 1 литр сүт 25 сом болорун айтышкан.

Май айынын ортосунда жергиликтүү бийлик ээлери сүт иштетүүчү заводдордун жетекчилери менен жолугушуп, сүттүн баасын литрине 27 сомдон сатып алууну макулдашкан.

Майдын аягына чейин сүт ушул баада алынып келгени менен, 1-10-июнь күндөрү кайрадан 25 сомго түщүп калган.

Жогорку Кеңеш март айында чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деген токтом чыгарган. Министрлер кабинети токтомду аткарууга мүмкүн эместигин айтып, мөөнөтүн жылдырууну сураган.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда бир жылдык сүт өндүрүү болжол менен 1,6-1,8 миллион тоннаны түзөт. Анын 2,5% гана өнөр жайлык кайра иштетүүгө кетет.

Өлкөдө чийки сүттүн 98% ашыгы калктын жеке чарбаларында өндүрүлөт. Алар чийки затты майда дүң сатуучулар аркылуу кайра иштетүүчүлөргө же болбосо заводдордун өзүнө түз эле сатышат.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG