Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:00

БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Газа боюнча сунуш кылган планын колдоду


Газа сектору.
Газа сектору.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши АКШнын Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш кылган планын колдоду. Добуш берүү 10-июнда өттү.

Атышууну токтотуу, барымтадагыларды этап-этабы менен бошотуу жана израилдик аскерлерди сектордон чыгаруу тууралуу жазылган планга “тез арада” жана “эч кандай кошумча шарт койбостон” макул болууга Израилди да, ХАМАСты (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган уюм) да чакырган резолюцияны Коопсуздук кеңешинин 15 мүчөсүнүн 14ү колдоду. Орусия добуш берген жок.

Планды май айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден сунуш кылган. Биринчи этабында Израилдин абактарында отурган палестиндерди жана ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктерди айырбаштоо, ок атышууну убактылуу токтотуу каралган.

Экинчи этабында барымтадагылардын баарын бошотуу, атышууну толук токтотуу жана Газадан Израилдин бардык аскерлерин чыгарып кетүү сунушталууда.

Эл эми акыркы этабында секторду калыбына келтирүү боюнча эл аралык планды иштеп чыгуу жана ХАМАСтын колунда барымтада каза болгондордун сөөгүн Израилге өткөрүп берүү каралууда.

Израил сунуш кылынган шарттарга принципиалдуу макулдугун билдирди. АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд ХАМАС бул планга макул болсо, сектордогу салгылашуу бүгүн бүтүшү мүмкүн экенин дүйшөмбү күнү белгилеген.

ХАМАС «резолюциянын кабыл алынышын кубаттай турганын» билдирди, ал эми аны тез арада ишке ашырууга даярдыгы боюнча комментарий берген жок. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG