Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:12

Депутат Административдик-аймактык реформа маселесин кароого мэрлер келбегенине нааразы болду


Гуля Кожокулова
Гуля Кожокулова

Жогорку Кеңештин депутаты Гуля Кожокулова парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот - укук маселелер боюнча комитети 11-июндагы жыйынында Административдик-аймактык реформа боюнча маселелер каралып жатканда түздөн-түз жооп берүүчү жетекчилер катышпаганын сындады. Депутат маселе "айрым жетекчилер үчүн олуттуу эмес" деп, ошол эле учурда реформаны жүргүзүүгө тиешелүү тараптар даяр эмес деген сын пикирин айтты.

Депутаттын сынына экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев жооп берип, реформа жүргүзүүгө даярдыктар толук жүргөнүн, айыл аймактарын суу менен камсыз кылуу, укук-тартипти камсыздоо, аймактык тейлөө борборлору жана башка зарыл иштер жүргүзүлгөнүн жана жүрүп жатканын белгиледи.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети 11-июнда Административдик-аймактык реформага байланыштуу мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин карады. Комитет мүчөлөрүнө министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев жана башка өкмөт мүчөлөрү маалымат берди.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн.

Реформанын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейди. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулду.

Мындан сырткары Ош шаарын айланта курчаган бир нече айыл да экинчи борбор калаага кошулган.

Ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болуп жатканы кабарланган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG