Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:39

Кемпир-Абад иши: Шектүүлөрдүн адвокаттары жарыш сөз сүйлөй баштады


Бишкектин Биринчи май райондук соту.
Бишкектин Биринчи май райондук соту.

11-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан отурумда шектүүлөрдүн адвокаттары жарыш сөз сүйлөй баштады. Бул тууралуу ушул иш боюнча шек саналып жаткан укук коргоочу Рита Карасартова билдирди. Жактоочулардын жарыш сөзүнөн кийин айыпталуучуларга акыркы сөз берилип, өкүм чыгат. Ал кайсы күнгө туш келери белгисиз.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан. Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Кубанычбек Кадыров, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Бектур Асанов, Илгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Орозайым Нарматова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев, Талантбек Эшалиев жана Мамбетжунус Абылов. Булардын ичинен Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши өзүнчө өндүрүшкө алынган. (BTo)

XS
SM
MD
LG