Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Венада өткөн эл аралык энергетикалык инвестициялык форумда “Камбар-Ата-1” гидроэлектр станциясын (ГЭС) курууга 4 млрд доллардан ашык каражат кетерин айтып, ГЭСтин Кыргызстанга жана Борбор Азия өлкөлөрүнө пайдасы тууралуу маалымат берди.
Акылбек Жапаров адистердин сөзүнө шилтеме берип, 2050-жылга карата Борбор Азияда калктын саны 27%, тамак-ашка болгон суроо-талап 35%, ичүүчү сууну керектөө 50% көбөйө турганын, суу Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдө жашоонун негизги артериясы экенин айтты. Ушундан улам сууну натыйжалуу пайдалануу маанилүү экенин билдирди.
“Камбар-Ата ГЭС-1” мөңгүлөрдүн башатында жайгашкан. Бул станциянын эффективдүү иштеши Токтогул суу сактагычынын суу ресурстарын топтоо жана сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүндүк берет. “Камбар-Ата ГЭС-1” куруу долбоору өлкө үчүн да, Борбор Азия чөлкөмү үчүн да кеңири экономикалык, экологиялык, социалдык пайдаларды жана перспективаларды камтыйт. Долбоор Кыргызстанды жана Борбор Азияны эң арзан баада таза энергия менен камсыздайт, бул региондогу энергиянын өтүүсүнө азыраак чыгымдарды алып келет. ГЭСтерде электр энергиясын өндүрүү атмосферага булгоочу заттардын чыгышын азайтат”, - деди ал.
Акылбек Жапаров “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу боюнча даярдык иштерине 44,1 млрд сом кетерин жана бул иш эки этапка бөлүнгөнүн кошумчалады. Ал ГЭСти куруу үчүн Министрлер кабинети 2024-2030-жылдарга мамлекеттик бюджеттен кошумча 500 млн доллар бөлөөрүн айтты.
Вена шаарында эл аралык энергетикалык инвестициялык форум өтүп жатат, анын негизги темасы “Камбар-Ата-1” ГЭСин куруу долбоору болду. Иш-чарага 200дөн ашык эл аралык каржы уюмдарынын өкүлдөрү жана жетекчилери, Борбор Азия, Европа, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн келген делегациялар жана инвесторлор катышууда.
“Камбар-Ата-1” ГЭСин Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан биргелешип куруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, үч өлкөнүн ортосунда биргелешкен ишкана түзүлөт. Компания “Камбар-Ата-1” ГЭСин башкарат жана анын 34% Кыргызстанга таандык болот. Ал эми Казакстан менен Өзбекстанга 33% бөлүнөт. Буга чейин айрым депутаттар менен энергетиктер үлүштөрдүн пайызы боюнча тынчсыздануусун билдиришкен.
ГЭСти куруу 2024-жылы башталып, биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет деп пландалган. ГЭС курулуп бүтсө, 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5,6 миллиард кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала эсеп боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,4 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогултат. (BTo)