Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:05

Өзбекстанда алимент төлөбөй жүргөн 2,5 миңден ашык киши жоопко тартылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзбекстанда 2024-жылдын биринчи кварталында алимент төлөбөй жүргөн 2 593 киши административдик жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу өлкөнүн Жогорку сотунун басма сөз катчысы Азиз Абидов билдирди.

Анын айтымында, көрсөтүлгөн мезгил аралыгында алимент төлөбөй жүргөн 35 кишиге айып пул салынып, 2 558 адам административдик камакка (үч суткадан 30 суткага чейин) алынды.

"Мисал катары айтсам, Анжиян облусунда алимент боюнча карызы бар беш кишинин иши каралды. Алардын биринде 23,9 миллион сум (1,9 миң доллар), экинчисинде 16 миллион сум (1,2 миң доллар) карызы болгон. Жыйынтыгында сот үч кишини 15 суткадан административдик камакка алуу чечимин чыгарды", – деди Абидов.

Маалыматка караганда, былтыр өлкө боюнча алимент төлөбөй жүргөн 8 517 киши административдик жоопкерчиликке тартылган. Анын 160ына айып пул салынса, 8 357си административдик камакка алынган.

Жалпысынан 2023-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Өзбекстанда алимент боюнча карызы бар 11 миңден ашык киши жоопкерчиликке тартылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG