Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:38

Кыргызстанда орточо айлык акы 34 миң 400 сом деп эсептелди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда быйыл январь-апрель айларында бир кызматкердин орточо айлык акысы 34 миң 391 сомду түзүп, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7% көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасынын орун басары Бакытбек Шокенов 10-июнда брифингде айтты.

2024-жылдын январь-май айларында ички дүң өнүм (ИДӨ) 444 млрд сомго жакындады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине караганда 8,1% көп. Быйыл январь-май айларында өнөр жай продукциясынын көлөмү 195 млрд сомду түздү.

Товарлардын тышкы жана өз ара соодасынын көлөмү ушул жылдын январь-апрель айларында 5,2 млрд долларга жакын болду жана 2023-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 27,7% көбөйдү. Мунун ичинен экспорт 19,7%, импорт 29,2% көбөйдү.

Кыргызстанда орточо айлыктын көрсөткүчү боюнча коомчулукта ар кандай талаш-тартыш болуп келет. Айрымдар өлкөдө орточо эмгек маяна 34 миң сомго жетпей турганын айтышат. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG