Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:36

Блинкен Газа маселесин талкуулоо үчүн Египетке жана Израилге барат


Энтони Блинкен.
Энтони Блинкен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен бүгүн 10-июнда Египетке жана Израилге сапарын баштоодо. Бул сапар Вашингтон ХАМАС тобуна (АКШда жана Евробиримдикте террордук деп жарыяланган) жана Израилге Газадагы атышууну токтотуу, согуштун Ливандын аймагына жайылып кетишине жол бербөө боюнча басымын күчөтүп жаткан учурда өткөнү турат.

Газадагы азыркы аскердик операция башталгандан бери Блинкендин аталган аймакка ушуну менен сегизинчи жолу барышы. Ал Иордания менен Катарга да барат.

Мамкатчы адегенде Египеттин борбору Каирге токтоп, бул өлкөнүн президенти Абдел Фаттах ас-Сиси менен жолугат, андан соң Израилде премьер-министр Биньямин Нетаньяху жана коргоо министри Йоав Галлант менен сүйлөшүү жүргүзөт.

АКШ ок атышууну адегенде алты аптага токтотуу тууралуу планга ХАМАС макул болсо, аны Израил да кабыл аларына үмүттөнүп жатканын өткөң аптада Ак үй билдирген. Бул планды 31-майда Кошмо Штаттардын президенти Жо Байден сунуш кылган. Анда атышууну токтото туруудан тышкары Газага гуманитардык жардамды көбөйтүү, ХАМАС барымтада кармап отурган израилдиктер менен чет элдиктерди Израилдин абактарында жаткан палестиндерге айырбаштоо сунуштары да бар экени маалымдалган. Бирок бул жолу да эки тарап тең өз шарттарын койгондуктан мунаса табыла элек.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 36 миңден көбү каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG