Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

Венгрия Европарламенттеги мандаттарынын кеминде экөөнөн ажыроодо


Виктор Орбан.
Виктор Орбан.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Европа парламентине өткөн шайлоодо анын ФИДЕС партиясы жана чакан союздаштары добуштардын 44,6% алып, алдыга чыкканын бүгүн 10-июнда билдирди. "Биз эки шайлоодо тең жендик" – деди ал.

9-июнда бул өлкөдө Европарламентке шайлоо менен катар жергиликтүү башкаруу органдарына да добуш берүү болгон.

Орбандын башкы атаандашы, ФИДЕСтин мурдагы мүчөсү Петер Мадьярдын "Тиса" партиясына добуштардын 29,7% тийди, ал Европарламентте жети мандат ала алат.

Байкоочулар бул жолу ФИДЕС добуштардын болжолдонгон деңгээлинен азыраак алып калганын, 2019-жылдагы шайлоого салыштырганда дээрлик 10 процент төмөндөгөнүн белгилешти. Ал Европарламенттеги 13 ордунун экөөнөн ажырамай болуп калды.

Орбандын партиясы Венгриянын саясатында 2010-жылдан бери үстөмдүк кылып келе жатканы менен анын өлкөнү башкаруу ыкмасына нааразы болгондор көп. Терең экономикалык кризис жана анын мүчөлөрү аралашкан бир катар чуулгандуу окуя үй-бүлөлүк баалуулуктарды жана христиан консерватизмин илгерилетүү менен сыймыктанган партиянын жапырт колдоого ээ болуусун азайтууда.

Орусиячыл көз караштагы саясатчы Орбан эки жылдан ашуун убакыттан бери Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүп келе жаткан, Евробиримдикке мүчөлүккө кабыл алууну суранган Украинанын бул уюмга мүчө болуусуна каршылыгын билдирүүдө.

Жекшембиде 21 өлкөдө добушканалар ачылса, Италия менен Эстонияда жараян уланды. Буга чейин алты өлкөдө: Чехияда, Ирландияда, Мальтада, Латвияда, Нидерландда, Словакияда добуш берүү аяктаган.

Бул шайлоо 450 миллион жаран жашаган Евробиримдик Орусия менен мамилеси, Кытай менен АКШнын өндүрүштүк атаандаштыгынын күчөп баратканы, климаттын өзгөрүүсү жана иммиграция сыяктуу орчундуу маселелерди чечүүнүн жолдорун кантип табарын аныктайт.

Сурамжылоолор көрсөткөндөй негизинен европачыл партиялар көпчүлүк орунду сактап калат. Ошол эле маалда голландиялык Герт Вилдерс жана франциялык Марин Ле Пен сыяктуу ультраоңчулдар дагы санын көбөйтүп, шаркеттин мыйзам чыгаруу органында саясий күчкө айланышы толук мүмкүн. (RK)

XS
SM
MD
LG