Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:30

CPJ журналисттерге байланыштуу дагы бир жолу бийликке кайрылды


Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева Ленин райондук сотунда. 7-июнь, 2024-жыл.
Махабат Тажибек кызы менен Айке Бейшекеева Ленин райондук сотунда. 7-июнь, 2024-жыл.

Баш кеңсеси Нью-Йорк шаарында жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети (The Committee to Protect Journalists - CPJ) кыргыз бийлигин дагы бир жолу 11 журналистке козголгон кылмыш ишин токтотууга чакырды. Бул тууралуу уюмдун Х баракчасында жазылды.

Журналисттерди коргоо комитети анда “Temirov Live” командасы мурунку жана азыркы журналисттеринин камалганына карабай иликтөөлөрдү жарыялап жатканын белгилеген.

28-майда OCCRP, Temirov Live жана “Клооп” медиалары биргелешкен иликтөө жарыялап, Кыргызстандагы мамлекеттик ири курулуштар өлкө башчысы Садыр Жапаров, президенттин иш башкармалыгынын жетекчиси Каныбек Туманбаевдин жакын адамдарынын компанияларына берилгенин айтып чыккан. Президенттин администрациясы иликтөөнү “манипуляция” деп атап, айтылган маалыматтарды четке каккан болчу.

Кыргызстанда быйыл январь айында кармалган 11 журналистин иши боюнча сот жараяны 7-июнда Бишкектин Ленин райондук сотунда башталды. Анда кылмыш ишин кыскартуу, шектүүлөрдүн бөгөт чарасын өзгөртүү, далилдерди алдыртуу жана четтетүү тууралуу маселелер каралды. Сотко судья Кылычбек Истамкулов төрагалык кылып, отурум жабык өттү.

11 журналисттин учурда тергөө абагында отурган төртөө: “Temirov Live” жана “Айт, айт десе” долбоорунун жетекчиси Махабат Тажибек кызы, кызматкери Азамат Ишенбеков, “Алга Медианы” иштетип жаткан Актилек Капаров жана “Temirov Live” редакциясынын кызматкери, журналист Айке Бейшекееванын камак мөөнөтү 8-августка чейин узартылды.

“Айт, айт десе” жана “Темиров LIVE” долбоорлорунун, “Арча Медиа” жана “ПолитКлиника” басылмасында иштеген, иликтөө менен алектенген 11 журналисттин үйүндө быйыл 16-январда таң эрте милиция тинтүү жүргүзүп, кармап кеткен. Эртеси Биринчи май райондук сотунун чечими менен баары камакка алынган. Кийин жети киши ар кандай себептер менен эркиндикке чыккан.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген. Журналисттер айыптоону четке кагып, бул алардын кесиптик ишмердигине байланыштуу экенин айтып келет.

Иш мурда Бишкектин Биринчи май райондук сотуна берилип, 10-майда иш Ленин райондук сотуна жиберилген. Адвокаттар ага макул болбой, апелляциялык арыз менен Бишкек шаардык сотуна кайрылышкан. 28-майда Бишкек шаардык соту арызды карай баштап, бирок прокурордун “токтом даттанууга жатпайт” деген өтүнүчүнүн негизинде кийинкиге калтырган. (TSh)

XS
SM
MD
LG