Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:11

Украина Орусиянын чабуулдарынан дагы төрт киши каза болгонун, ондогон киши жараат алганын билдирди


Украина.
Украина.

Орусиянын чабуулдарынан соңку суткада Украинада төрт киши каза болгонун, ондогон киши жараат алганын бүгүн 6-июнда жергиликтүү бийлик өкүлдөрү билдиришти.

Каза тапкан төрт киши Донбасстын тургундары экенин, бир катар айылдар аткыланып, кеминде 14 киши жараат алганын Донецк облустук аскердик администрациясы кабарлады.

Херсон облусу да жапырт аткылоочу реактивдүү системанын чабуулуна кабылып, үч киши жараат алганын, кеминде 20 калктуу пунктта үйлөр, медицина мекемелери, бала бакчалар жана дүкөндөр талкаланганын аймактын төрагасы Александр Прокудин маалымдады.

Харьков облусунда төрт киши соккудан, дагы бир киши жарылуудан жараат алды.

Фронттогу абал боюнча соңку билдирүүсүндө өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы бир нече багытта кырдаал татаал болуп жатканын айтты.

Покровка багытында орус аскерлери алты кыштактын аймагында алдыга өтүүгө аракет кылып жатышканы, Купянскиде да чабуул коюлуп, Курахово багытында да кармаш уланып келатканы, Харьков багытында Орусия чабуул жасабаганы, бирок бул облустун аймагына бир нече жолу авиа сокку урганы кабарланды.

Өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына «Шахед» дрондорунан 18ди учурганы, алардын 17си токтотулганы, ал эми баллистикалык «Искандер-М» ракеталарынан экөө менен чабуул коюлганы, аларды кармоо мүмкүн болбогону айтылды. (RK)

XS
SM
MD
LG