Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Бекназаровду коргоп жаткан Булекбаевдин адвокаттык лицензиясы токтотулду


Эркин Булекбаев.
Эркин Булекбаев.

Кемпир-Абад иши боюнча айып тагылган саясатчылар Азимбек Бекназаров жана Бектур Асановдун адвокаты Эркин Булекбаевдин адвокаттык лицензиясы токтотулуп, бул иш боюнча 22-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотундагы отурумдан чыгарылганы белгилүү болду. Бул тууралуу Азимбек Бекназаровдун абактан жазган каты Фейсбуктагы баракчасына жарыяланды.

Анда Юстиция министрлиги 21-майда Эркин Булекбаевдин адвокаттык лицензиясын ишти карап жаткан Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыковдун арызы менен токтотуп койгону, “Кыргызстандын адвокатурасы жана адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү” мыйзам боюнча адвокаттык лицензия судьянын каты менен токтотулбай турганы жазылган.

Бул маалыматты Эркин Булекбаев да ырастады. Ал лицензиясы мыйзамсыз токтотулганын, жактоочулук иш менен 11 жылдан бери алектенип келатканын айтты. Бул окуя тууралуу Юстиция министрлиги комментарий бере элек.

21-майда Юстиция министрлиги 976 адвокаттын лицензиясы токтотуларын билдирген. Лицензиядан ажыратыла турган адвокаттардын ичинде Кемпир-Абад иши боюнча айып коюлган саясатчы Кубанычбек Кадыровдун адвокаты Акин Токталиев да бар. Ал да буга чейин сот жараяндарынан чыгарылган.

“Кемпирабадчылар” буга чейин аларды сотто коргоп жаткан адвокаттар басым-кысымга кабалып жатканын билдиришкен.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калды. Калгандары түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык баш аламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өтүүдө. Айыпталып жаткандар аны ачык өткөрүү талабын коюп келишет. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG