Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:57

МАГАТЭ Иранды кызматташууга, инспекторлордун ишине уруксат берүүгө чакырды


МАГАТЭ башкы директору Рафаэл Гросси Башкаруучулар кеңешинин жыйынында. 2024-жылдын 3-июну.
МАГАТЭ башкы директору Рафаэл Гросси Башкаруучулар кеңешинин жыйынында. 2024-жылдын 3-июну.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттигинин (МАГАТЭ) Башкаруучулар кеңеши Иранды кызматташтыкты активдештирүүгө жана агенттиктин инспекцияларына тыюу салган чечимин кайра карап чыгууга үндөгөн резолюция кабыл алды.

Улуу Британия, Франция жана Германия сунуштаган резолюцияга 20 «макул» жана эки «каршы» деген добуш тийди, 12 өлкө добуш берүүдөн карманды. Каршылыгын билдирген эки өлкө – Орусия жана Кытай.

Ирандын мамлекеттик телеканалы резолюциянын кабыл алынышын «шашылыш жана акылга сыйбас», Иран менен карама-каршы тараптардын ортосундагы «дипломатиялык алака жана конструктивдүү кызматташтык процессине терс таасирин тийгизе турган» чечим деп атады.

Уюмдун Иран боюнча буга чейинки резолюциясы 1,5 жыл мурда кабыл алынган. Анда МАГАТЭ инспекторлорунун мурда жарыяланбаган объектилерде урандын майда бөлүктөрү кайдан пайда болгону тууралуу суроосуна тез арада жооп берүү талабы коюлган, Иран жообун бере элек.

Дүйнөлүк державалардын (Кытай, Орусия, Улуу Британия, Франция, АКШ + Германия) Иран менен сүйлөшүүлөрү 2005-жылы башталып, 2015-жылы биргелешкен комплекстүү иш планы (JCPOA) деп аталган орчундуу келишим кабыл алынган. Ага ылайык, Тегеран санкциялардан арылуу үчүн өзөктүк программасын чектемей болгон.

Бирок АКШнын ошол кездеги президенти Дональд Трамптын чечими менен Кошмо Штаттар бул келишимден чыгып, 2018-жылы кайрадан Иранга каршы санкциялар жарыялаган. Натыйжада Иран өзөктүк программасын кеңейтип, МАГАТЭнин инспекцияларына чектөө койгон.

JCPOA планы боюнча биргелешкен комиссиянын координатору болгон Евробиримдик 2021-жылдан 2022-жылга чейин Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы кыйыр сүйлөшүүлөрдүн бир нече айлампасына ортомчулук кылган.

27 мүчөсү бар МАГАТЭ 2022-жылдын августунда келишимди кайрадан иштете баштоо долбоорун сунуштаган, бирок Тегеран менен Вашингтон "ашыкча талап коюп жатат" деп бирин бири айыптап, натыйжада сүйлөшүүлөр үзгүлтүккө учураган.

Азыркы тапта МАГАТЭ Иранда уранды байытуучу канча машина бар экенин билбей турганы маалымдалган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG