Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:13

Путин Батыштын каршылаштарына курал жөнөтүшү мүмкүн экенин айтты


Орусия.
Орусия.

Орусия президенти Владимир Путин эгер Батыштын ракеталары менен Орусиянын аймагына сокку урула турган болсо Москва жооп катары Батыш өлкөлөрүнүн каршылаштарына алыс аралыкка атуучу курал жөнөтө башташы мүмкүн экенин билдирди.

Чет элдик маалымат агенттиктерине курган маегинде ал Батыштын жогорку тактыктагы ракеталарынын соккусун Батыштын аскерлери башкарарын белгиледи:

"Эгерде кимдир-бирөө биздин аймакка сокку уруу үчүн курал берүү мүмкүн деп эсептесе жана бизге кыйынчылык жарата турган болсо, анда эмне үчүн биз ошол эле класстагы куралыбызды Орусияга сокку ургусу келген өлкөлөрдүн өзүлөрүнүн объектилерине сокку урулушу ыктымал аймактарга жөнөтө албашыбыз керек?", — деди Путин.

Путин орусиялык ракеталар кайсы өлкөлөргө жөнөтүлүшү мүмкүн экенин тактап айткан жок.

АКШ президенти Жо Байден Украина бийлигине америкалык курал менен Орусиянын аймагына сокку урууга жарым-жартылай уруксат бергенин бир нече маалымат булагына таянып жакында Politico жазган, ушул эле маалыматты CNN да, украин президентинин басма сөз кызматы да тастыктаган.

Германия да Украинага берип жаткан курал-жарагын Орусиянын аймагындагы объектилерге сокку урууга тыюу салган чектөөсүн алып салганы белгилүү болгон.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусиядагы объектилерге соккусу, эгер пропорционалдуулук бар болсо, мыйзамдуу деп эсептелерин 28-майда биримдиктин коргоо министрлеринин жыйынында айткан.

Франция Орусиядагы аскердик объектилерге Батыштын куралы менен сокку урууга каршы эместигин, бирок мындай чабуул жарандык инфраструктурага жасалбашы керектигин айтып келет.

Бир нече күн мурда НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг The Economist басылмасына курган маегинде Батыш мамлекеттери өзүлөрү берген курал менен Орусиядагы аскердик жайларды бутага алууга уруксат бериши керек экенин айткан. Көп өтпөй Софияда өткөн НАТОнун Парламенттик ассамблеясынын жыйынынын катышуучулары батыш курал-жабдыгын колдонууда киргизилген чектөөлөрдү алууга чакырган резолюция кабыл алышты.

Орусиянын бийлиги Батышты "от менен ойнобоону" эскерткен. Путин Орусиянын аймагына сокку урулса дүйнөлүк жаңжал тутанышы мүмкүн экенин айткан.

Украина Орусиянын соккуларын токтотуунун негизги жолу катары анын аймагындагы аскердик объектилерди жок кылууну атап келет. Бул үчүн ал Батыштан жардам иретинде алып жаткан курал-жаракты Орусиядагы объектилерге каршы колдонууга уруксатты көптөн бери талап кылууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG