Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:09

Францияда Байден менен Зеленскийдин жолугушуусу өтөт


Жо Байден жана Владимир Зеленский. 2023-жылдын сентябры.
Жо Байден жана Владимир Зеленский. 2023-жылдын сентябры.

АКШ президенти Жо Байдендин ушул аптада Франция сапары учурунда украин президенти Владимир Зеленский менен жолугушуусунда Украинанын НАТОго мүчөлүгүн ырастоо болбосо да Орусиянын агрессиясына каршы күрөшүнө колдоо көрсөтүүнүн жаңы ыкмалары талкууланарын Ак үй билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, эки лидер Экинчи дүйнөлүк согуш маалында союздаш аскерлер Нормандияга жайгашкан окуянын 80 жылдыгын белгилөө иш-чарасына катышат.

Францияга 5-июнда барган Байден бүгүн 6-июнда жана эртең ошол салгылашууда курман болгон америкалык жоокерлерди эскерет.

Быйыл 20-апрелде АКШ Украинага 61 миллиард долларлык жардам тууралуу чечим кабыл алгандан бери Байдендин Зеленский менен алгачкы жолугушуусу өткөнү жатат.

4-июнда Байдендин Time басылмасына жарыяланган интервьюсунда ал Украинанын НАТОго мүчөлүгүн колдобой турганын айткан. АКШ президенти Киев үчүн тынчтыктын кепилдиги Орусия Украинага мындан ары эч качан кол салбай тургандыгы экенин, бул үчүн Украинанын НАТОго мүчө болушу талап эместигин билдирген.

Байден Батыш Украинанын утулуп калышына жол бербеши зарылдыгын, анткени эгер Киев утулса Орусия жана Беларус менен чектеш бардык өлкөлөрдө туруксуздук жараларын кошумчалаган.

Кошмо Штаттардын президенти Украина сунуш кылган, Швейцарияда ушул айдын ортосунда өтө турган тынчтык саммитине шайлоо өнөктүгүнөн улам катыша албай турганын билдирген. Бул өлкөдөн саммитке вице-президент Камала Харрис катышмай болууда.

Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.

Алгачкы бир жылда Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөрдү, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын айтууда.

Апрель айынын башында The New York Times басылмасы Украинанын НАТОго мүчө болуп кабыл алынышына АКШ жана Германия каршы болуп жатканын, себеби алар 1945-жылдан берки эң ири согушка тартылуудан кооптонорун өз булактарына таянып жазган. Украинанын бул альянска кошулуу өтүнүчүн биринчи кезекте Чыгыш жана Борбордук Европа өлкөлөрү колдоп жатышат. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG