Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:27

Депутат Түлөбаев хакердик чабуул боюнча чара көрүүнү сунуштады


Илююстрациялык сүрөт.
Илююстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаев хакердик чабуулдан улам кыргызстандыктардын жеке маалыматтары интернетке жарыяланганы боюнча маселени парламенттин 5-майдагы жыйынында көтөрдү.

Ал жеке маалыматтардын ачыкка чыгышынан улам өлкөнүн купуя сырларынын коопсуздугуна коркунуч жаралашы мүмкүн экенин, бул боюнча Улуттук коопсуздук комитети иш алып барышы керектигин белгиледи.

“Пакистандык хакерлердин айынан менин да маалыматым ачыкка чыгып кетти. Менде жашыра турган эч нерсем жок. Ал тизмеде өкмөттүн өкүлдөрү, депутаттар жана алардын арасында мен да жүрөм. УКМК иш алып барышы керек да. Санариптик өнүктүрүү министрлиги бар, алар эмне кылып жатышат? Коргонуу үчүн кандайдыр бир чараларды көрүшү керек да. Мындай маалыматтар чыгып кеткенден кийин ары жактан өлкөнүн сырлары кандай болот?” - деди Түлөбаев.

Мунун алдында өзүн Team Insane Pakistan деп атаган хакердик топ Телеграм-каналына 600 миңден ашуун кыргыз жарандарынын жана компанияларынын жеке маалыматын ачыкка чыгарганын жарыялаган. Хакердик топ мунун себебин 18-майга караган түнү Бишкекте чет элдик студенттерге зордук-зомбулук көрсөткөн окуяга "каршылык катары жасалган иш" деп түшүндүрүүдө.

Бул хакердик чабуул тууралуу “Азаттык” 4-июнда көлөмдүү материалын жарыялаган. Анда хакердик топтун анонимдүү автору кыргызстандыктардын жеке маалыматы “Жогорку Соттун сайтынан алынганын, gov.kg сайттарынын баарынын коопсуздугу чабал экенин” билдирген. Жогорку Сот мындай маалыматты четке кагып, мекеменин серверинде жарандардын жеке маалыматы сакталбай турганын тактады.

Team Insane Pakistan тобу жарыялаган тизмедеги адамдардын аты-жөнү Кыргызстанда учурда жана мурда мамлекеттик кызматты аркалаган аттуу-баштуу адамдардын ысымдарына дал келген ондогон мисал бар. Маселен, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин, Министрлер кабинетинин төрагасынын үч орун басары Адылбек Касымалиевдин, Камчыбек Ташиевдин жана Эдил Байсаловдун, салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун жана бир катар мурдагы саясатчылардын аты-жөнүнө дал келген ысымдарды көрүүгө болот.

Бул хакердик чабуулдун жасалганы боюнча азырынча бир дагы мамлекеттик мекеме маалымат бере элек.

Былтыр май айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук борбору ачылган. Анын ачылышына катышкан президент Садыр Жапаров мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына хакердик чабуулдарга каршы коргонуу чараларын күчөтүү зарылдыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG