Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:14

Казакстан Киев уюштурган саммитке катышар-катышпасын чече элек


 Казакстандын Тышкы иштер министрлиги
Казакстандын Тышкы иштер министрлиги

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкөнүн Украина боюнча Тынчтык конференцияга катышуусу эл аралык иш-чаралардын жадыбалына жана бул маселе боюнча расмий позициясына жараша караларын билдирди. Бул тууралуу мекеме «Азаттыктын» казак редакциясына берген жообунда айткан.

Тынчтык саммити 15-16-июнь күндөрү Швейцарияда өтмөкчү.

Министрлик Казакстан эзелтен бери Украина менен да, Орусия менен да саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык мамилелерди ырааттуу куруп келгенин белгиледи.

Журналисттер жазгандай, буга чейин мекеменин басма сөз катчысы ушундай эле билдирүү жасаганда, гезиттер Казакстан саммитке катышуу мүмкүнчүлүгүн «жокко чыгарган жок» деген таризде маалымат тарата баштаган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө мамлекеттер аралык алакаларда талаштуу маселелерди тынч жол менен чечүүнү колдоорун белгиледи.

Швейцариядагы жыйында Украинадагы согушту токтотуу жолдорунан тышкары өзөктүк жана азык-түлүк коопсуздугу, туткундарды бошотуу жана украиналык балдарды үйлөрүнө кайтаруу маселелери талкууланмакчы.

Бир нече күн мурун украин президенти Владимир Зеленский борборазиялык журналисттер үчүн уюштурулган брифинг маалында «Азаттыктын» журналистинин региондогу беш мамлекет менен Украинанын мамилеси жөнүндө суроосуна жооп берип жатып, аймактагы лидерлерди Тынчтык саммитинен көргүсү келерин айткан.

2-июнда украин президенти ал конференцияга 106 өлкө катышарын ырастады.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өлкө делегациясынын Швейцариядагы конференцияга катышар-катышпасы тууралуу комментарий бере элек.

Буга чейин президенттин басма сөз катчысы саммитке Кыргызстандын атынан ким катышары чечиле электигин билдирген.

Швейцариянын Тышкы иштер министрлиги иш-чарага өкмөттөрдүн, эл аралык саясий жана гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү, жалпысынан 160 делегация чакырылганын, азыркы тапта 80 мамлекет макулдугун билдиргенин, алардын көбү президенттер жана өкмөт башчылар экенин маалымдады.

Москва саммитке чакырылган эмес. Кремль чакырылса да барбасын, аскерлерин Украинадан чыгарууну талкуулабай турганын билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG