Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

Максат Асаналиев адам укуктары менен эркиндигин коргой турганын билдирди


Максат Асаналиев.
Максат Асаналиев.

Башкы прокурор кызматына талапкер Максат Асаналиев Кыргызстандагы адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо жаатындагы ишти алдыга жылдыра турганын билдирди. Бул тууралуу ал 5-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып айтты.

“Менин талапкерлигиме макулдук бергениңиздерге ыраазычылык билдирем. Сиздер менен биргеликте иш алып барсак, эң негизги баалуулук болгон адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишти алдыга жылдырабыз”, - деди Асаналиев.

Парламент жыйында Асаналиевдин баш прокурор кызматына талапкерлигин карап, жыйынга катышкан 69 депутаттын баары “макул” деген добуш беришти.

46 жаштагы Максат Асаналиев Ысык-Көл облусунун Тоң районунда туулган. 2022-жылы Ош облусунун прокурору болуп дайындалган. Ага чейин Бишкектин Биринчи май районунун прокурору болуп иштеген.

Жогорку Кеңеш 5-июндагы отумурунда башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отставкасын колдоду. Ал башкы прокурор кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу президент Садыр Жапаровго арыз жазганы 3-июнда белгилүү болгон.

54 жаштагы Зулушев 2000-жылдан бери прокуратура тармагында иштеп, 2007-2013-жылдары Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун судьясы, 2013-2015-жылдары Бишкек шаардык сотунун судьясы болуп эмгектенген. 2015-2020-жылдары Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон. Ал 2020-жылы Октябрь окуясынан кийин 21-октябрда башкы прокурор болуп дайындалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG