Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:07

“Бүтүн Кыргызстан” депутат Айгүл Айдарованы фракциядан чыгарды


Айгүл Айдарова.
Айгүл Айдарова.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясы депутат Айгүл Айдарованы фракциядан чыгарды. Мындай чечим “Бүтүн Кыргызстандын” 30-майдагы отурумунда кабыл алынганын “Азаттыкка” фракциянын лидери Исхак Масалиев билдирди.

“Айгүл Айдарова эмгек тартибин бузганы үчүн жана анын пикири фракциянын жалпы саясатына дал келбегендиктен фракциядан чыгардык. Себеби, ал фракциянын көптөгөн жыйналыштарына катышкан эмес. Мыйзамда “депутат фракциянын жыйынына катыша албаса, кат жүзүндө фракция лидерине кабар берүүгө милдеттүү” деп жазылып турат”, - деди ал.

Айгүл Айдарова 2022-жылы январь айында диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келген.

“Бүтүн Кыргызстан” фракциясы Жогорку Кеңеште өзүн оппозициялык фракция деп жарыялаган. Жалпы алты квотасы бар. Соттун өкүмүнөн кийин Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мандатынан ажыраткан Адахан Мадумаровдун ордуна башка талапкерге мандат бериле элек.

Ошентип, ушул тапта парламентте “Бүтүн Кыргызстандын” төрт мүчөсү – Исхак Масалиев, Эмил Токтошев, Гуля Кожокулова жана Алишер Эрбаев калды. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG