Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:43

Баяндама: Газанын түндүгүн ачарчылык каптаган болушу мүмкүн


Рафах шаары. 2024-жыл
Рафах шаары. 2024-жыл

Көз карандысыз эксперттердин FEWS NET тобу Газанын түндүгүн ачарчылык каптаган болушу ыктымал деп эскертти. Бирок согуш жана гуманитардык кызматкерлердин маалымат чогултуу үчүн аймакка кире албаганы ачарчылыкты далилдөөгө жолтоо болууда.

Бул тууралуу AP агенттиги кабарлады. Маалыматка караганда, өлүмгө жеткирген ачарчылыкка кооптонуулар Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын башчысы тилкенин түндүк бөлүгүн “текши ачарчылык” каптаганын билдиргенден кийин айтыла баштады. Андан кийин БУУнун эксперттери Синди МакКейн өзүнүн жеке оюн айтты деп билдиришкен.

FEWS NET - USAID тарабынан негизделген, ачарчылык, азык-түлүк коопсуздугу чөйрөсүндөгү абройлуу уюм. Алар өз баяндамаларын далилдерге таянып жазышат.

Бирок ачарчылык деп расмий жарыялаш үчүн жетиштүү статистикалык маалымат чогултуу зарыл. Ачарчылык тууралуу расмий жарыялоо Эл аралык кылмыш сотунда жана БУУнун Эл аралык сотунда далил катары колдонулушу мүмкүн. Ал сотко Израилге каршы геноцид беренеси менен арыз берилген.

Баяндаманын авторлору маалымат алуу согуш аяктамайынча кыйын болорун эскертишет. Документте жергиликтүү кишилер, анын ичинен балдар тоё тамактанбагандыктан каза таап жатканы, гуманитардык жардам бөлүштүрүү өзгөрбөсө, мындай шарт июлга чейин сакталышы мүмкүн экени айтылат.

БУУ жана башка эл аралык уюмдар Газага жетиштүү көлөмдө азык-түлүк жеткирилбей жатканын көптөн бери эскертип келатышат. АКШ жана башка өнөктөштөр гуманитардык жүктү өткөрүү максатында Израилге басым жасоодо. AP агенттиги ЦАХАЛдын өкүлү жаңы баяндамага комментарий берүү өтүнүчүнө жооп бере электигин жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG