Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:07

Словения Палестинаны мамлекет катары расмий тааныды


Словениянын парламенти Палестинанын таануу талкуусу учурунда. Любляна, 4-июнь 2024-жыл
Словениянын парламенти Палестинанын таануу талкуусу учурунда. Любляна, 4-июнь 2024-жыл

Словения парламенти Палестина мамлекетин таануу сунушун бир добуштан жактырды. «Словения» радиосу колго салуу алдында узак талкуу жүргөнүн маалымдады. Оппозициядагы Демократиялык партия Палестинаны таануу ХАМАС (АКШ жана Еврошаркетте террордук уюм деп саналган) радикал тобун колдоого тете болорун билдирип, маселени референдумга алып чыгууну сунуш кылды. Парламент бул сунушту четке какты.

Ошентип Словения Палестинаны тааныган БУУнун 147, Евробиримдиктин онунчу өлкөсү болуп калды.

30-майда Словениянын өкмөтү Палестинанын эгемендигин тааныган. Тышкы иштер министри Таня Файон ошондо аны «тарыхый кадам» деп сыпаттаган.

«Израилдиктер жана палестиналыктар балдарын өз мамлекеттеринде бейпилдикте, бакубат жашоодо чоңойтууга укуктуу. Палестинаны таануу ошол эки өлкөнүн, эки элдин жанаша тынчтыкта жашоосу үчүн жападан-жалгыз жол», - деп кошумчалаган министр.

Словениянын тышкы саясий мекемеси Европанын башка өлкөлөрүн да ушундай кадам жасоого чакырды.

28-майда Испания, Норвегия жана Ирландия Палестина мамлекетин расмий таанышкан. Израилдин бийлиги бул чечимге катуу нааразылыгын билдирген.

XS
SM
MD
LG