Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:46

Байден АКШ-Мексика чек арасында башпаанек алуу эрежесин катаалдаштырды


Мексикадан АКШга өтүүгө аракеттенген мигранттар. 21-сентябрь 2023-жыл
Мексикадан АКШга өтүүгө аракеттенген мигранттар. 21-сентябрь 2023-жыл

АКШ президенти Жо Байден Мексика менен чек арадан өтүп келген мыйзамсыз мигранттардын башпаанек алуу эрежелерин күчөтүү буйругун берди. Эми андай келгиндерди артка кайтаруу мурдагыга караганда оңой болуп калмакчы.

4-июндагы буйрукка ылайык, күнүнө мыйзамсыз мигранттардын саны 2 жарым миңден ашса, америкалык бийлик аларды ыкчам депортациялай алат. Axios сайты жазгандай, ушу тапта АКШ-Мексика чек арасынан күн сайын 3 миң 700дөн ашуун киши мыйзамсыз өтөт.

Жаңы чектөөлөр Байден колдогон мыйзам долбоорун чагылдырат. Сенатта ушундай эле мазмундагы документ сунуш кылынган. Аны эки партиянын өкүлдөрүнөн турган топ иштеп чыккан. Бирок “Америка авазы” маалымдагандай, экс-президент Доналд Трамп долбоорго каршы чыккандан кийин, республикачылар аны четке кагышты.

2021-жылы кызматка келгенде Байден Трамп кабыл алган бир катар чектө чараларын алууга убада бергени менен чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттардын рекорддук агымына туш болду.

Президенттин буйругу чыгардын алдында Трамптын шайлоо штабы билдирүү жасап, аны “чек араны коргоо чарасы эмес, мунапыс” деп сыпаттады. Экс-президент буйрук мигранттардын агымын ого бетер көбөйтөт деп эсептейт.

“Америка авазы” шайлоо алдында жарыяланган буйруктун үстүнөн иммигранттардын топтору жана жарандык эркиндиктерди коргогон уюмдар сотко арызданышы мүмкүн деп маалымдады.

Адатта АКШда иммиграцияны көзөмөлдөө жаатындагы катаң саясатты республикачылар жактайт. Бирок чек арадан мыйзамсыз өткөн мигранттардын саны, маселенин масштабы бир катар демократтардын жана көз карандысыз саясатчылардын пикирине таасир эткенин “Свобода” радиосу жазды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG