Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:12

Чүйдө өрт кырсыгынан бир адам каза тапты


Өрт өчүрүү учуру. Аламүдүн. 3-июнь, 2024-жыл.
Өрт өчүрүү учуру. Аламүдүн. 3-июнь, 2024-жыл.

3-июнь күнү Аламүдүн районунда "Ак-Жол" өткөрүү бекетинин жанында жайгашкан "Бишкек - Алма-Ата" кафесинин артындагы чарбалык курулушта күйүүчү май куюп жаткан учурда чыккан өрттөн 21 жаштагы жаран каза тапты.

21 жаштагы дагы адам "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген. Жабыркаган жарандын денеси 9% күйгөнү, абалы туруктуу экени кабарланганын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) маалымдады. Ага ылайык, кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" өткөрмө бекетине жакын жайгашкан кафеде өрт чыкканы тууралуу маалымат саат 11:50 чамасында түшкөн. Өрттү өчүрүүгө Аламүдүн райондук өрт өчүрүү кызматынан эки бригада жиберилген. Өрт толугу менен эки саатта өчүрүлгөн.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда былтыр баш-аягы 3 497 өрт кырсыгы катталып, андан 35 адам каза болгон. 31 киши жаракат алган. Тилсиз жоо 1 млрд 410 млн 377 миң сом материалдык зыян алып келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG