Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:16

Ирандын башкы дипломаты аймактык алаканы бекемдөө зарылдыгын айтты


Али Багери Кани.
Али Багери Кани.

Газа маселеси Ливанда бул өлкөнүн башкы дипломаты Абдаллах Бу Хабибдин Ирандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Али Багери Кани менен жолугушуусунда талкууланды. Reuters маалымат агенттиги билдиргендей, эки дипломаттын жолугушуусу Ливандын борбору Бейрутта өттү.

Канинин айтымында, жолугушууда эки дипломат “аймактагы бардык мамлекеттер, айрыкча ислам өлкөлөрү биргелешкен кыймыл түзүшү керек деген бүтүмгө келишти”:

“Ливанга жана Ливан-Иран карым-катнашына байланыштуу маселелерден тышкары биз Газадагы, өзгөчө Рафахтагы окуяларды талкууладык. Аймактын, айрыкча ислам өлкөлөрүнүн Израилдин баскынчылыгына каршы туруу жана палестин элин коргоо максатында биргелешкен кыймыл түзүш керек” .

Газада ХАМАС (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убактан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 36 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган.

АКШ, Катар жана Египет аркылуу жүрүп келаткан сүйлөшүүлөрдөн майнап чыга элек.

1-апрелде Сириянын борбору Дамаск шаарында Ирандын элчилигине коюлган авиа чабуулдан бир нече киши, алардын ичинен Ирандын «Ислам ыңкылабынын сакчылар корпусунун» эки генералы өлтүрүлгөн. Бул үчүн Иран Израилди айыптаган.

14-апрелге караган түнү Иран Израилге каршы жапырт чабуул жасаган. Израил армиясынын (ЦАХАЛ) маалыматына караганда, 170 учкучсуз учак, 120дан ашуун баллистикалык ракета, 30дай канаттуу ракета колдонулган, бирок Израил өзү жана союздаштары ошонун 99%, анын көбүн өлкөдөн тыш аймактан атып түшүрүүгө үлгүргөн.

19-апрелде Ирандын өзөктүк инфраструктура жана аскердик база жайгашкан Исфахан шаарынын аймагында чакан үч дрон кармалганын мамлекеттик жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришкен. Бир катар эл аралык маалымат агенттиктери дрондорду Израил учурганын АКШ бийлигиндеги булактарына таянып жазып чыгышкан. Бирок Иран Израилди айыптаган эмес. Израил өзү эч кандай расмий маалымат берген эмес. (RK)

XS
SM
MD
LG