Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Түркмөнстан Татарстанга авиа каттамдарын убактылуу токтотту


Татарстан.
Татарстан.

Түркмөнстан Татарстанга авиа каттамдарын убактылуу токтотуп жатканын "Түркмөнстан" авиакомпаниясы 2-июнда билдирди. Буга эмне себеп экени компаниянын жарыясында айтылган жок.

Орусиянын аймагына барчулар үчүн Ашхабад — Москва — Ашхабад каттамы бар экени эскертилди.

Былтыр август айында да "Түркмөнстан" авиакомпаниясы Москвага каттамдарын убактылуу токтоткон. Себебин «Москванын аба мейкиндигиндеги абал» жана «учуу коопсуздугун камсыз кылуу максаты» менен түшүндүргөн.

Быйыл апрель айында Орусиянын карамагындагы Татарстанда бир нече киши учкучсуз учактардын чабуулунан жараат алган. "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагындагы согуштук дрон чыгаруучу завод дрон соккусуна кабылган. Заводдун жумушчулары жана "Алабуга Политех" коллежинин студенттери жашаган хостел имараты талкаланган. 14 киши жараат алган. Татарстандын президенти Рустам Минниханов ар бир ишкана учкучсуз учактардан өз алдынча коргонушу керек экенин айткан.

Бул окуядан кийин Татарстандын убактылуу жабылган эки ири аэропорту май айынын орто ченинде кайрадан кадимки тартипте иштей баштаган. Борбор калаа Казандын жана Нижнекамск шаарынын аэропорттору 15-майда «коопсуздук чарасынан» улам бир нече саат жабык турган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ошол күнү Татарстанда учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн маалымдаган.

Жергиликтүү бийлик чабуул үчүн Украинаны айыптаган. Украин бийлиги комментарий берген эмес.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алып, жай тургундарды өлтүрүп жатканын четке кагууда.

Украина Орусиянын агрессиясын токтотуунун негизги жолу – анын аймагындагы согуштук инфраструктурасын жок кылуу экенин айтып, Батыштан уруксатын көптөн бери сурап келди. Өткөн аптада Батыштын көпчүлүк өлкөлөрү Украинага жардам иретинде жөнөтүп жаткан курал-жарагын Орусиянын аймагына чабуул коюуга каршылыгы жок экенин билдиришти. (RK)

XS
SM
MD
LG