Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:38

Ооганстанда паром чөгүп, кеминде 20 киши каза болду


Автоунаа жүктөлгөн паром Бадахшан провинциясынын Файзабад шаарынын чет жакасындагы дарыядан өтүп баратат. (иллюстрациялык сүрөт)
Автоунаа жүктөлгөн паром Бадахшан провинциясынын Файзабад шаарынын чет жакасындагы дарыядан өтүп баратат. (иллюстрациялык сүрөт)

Ооганстандын чыгышында дарыядан өтүп бара жаткан кеме чөгүп, кеминде 20 киши каза болгонун талибдердин өкүлү 1-июнда билдирди.

Нангархар провинциясынын маалымат жана маданият департаментинин директору Курайши Бадлондун айтымында, кеме Моманд Дар аймагындагы дарыядан өтүп баратканда чөгүп кеткен. Каза болгон 20 кишинин арасында аялдар жана балдар дагы болгон.

Бадлон айылдагы тургундардын айткандарына таянып, кайыкта 25 киши болгонун, бешөө аман калганын билдирди. Нангархар провинциясынын Саламаттык сактоо департаментинин маалыматында, суудан беш кишинин, аял-эркек жана эки бала, бир кыздын сөөгү алып чыгылган.

XS
SM
MD
LG