Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:01

Пакистандын делегациясы менен Бишкектеги тополоңдун чоо-жайы, алдын алуу аракети талкууланды


Алмаз Имангазиевдин Пакистандын Мухаммад Салим баштаган делегациясы менен жолугушуусу. 30-май, 2024-жыл.
Алмаз Имангазиевдин Пакистандын Мухаммад Салим баштаган делегациясы менен жолугушуусу. 30-май, 2024-жыл.

30-майда Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Алмаз Имангазиевдин Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин кошумча катчысы Мухаммад Салим баштаган делегациясы менен жолугушту. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Жолугушууда пакистан тарапка Бишкектеги чет өлкөлүк жарандардын катышуусундагы окуя жана аны иликтөө иштери тууралуу кеңири маалымат берилди. Министрдин орун басары Имангазиев компетенттүү органдар Кыргызстанда чет өлкөлүк жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн бардык зарыл чараларды өз убагында кабыл алып, алдын алуу аракети жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Мындан тышкары Пакистандын жарандарынын Кыргызстанда болуусу жана алардын өлкөнүн жогорку окуу жайларында билим алуусу талкууланды. Муну менен катар миграциялык маселелерди талкуулоо үчүн эки өлкөнүн тышкы саясий мекемелеринин ортосунда консулдук консультацияларды өткөрүү макулдашылды.

Өз кезегинде Мухаммад Салим Кыргызстандагы Пакистан жарандарынын коопсуздугун камсыз кылууда компетенттүү органдар тарабынан көрсөтүлгөн көмөгү үчүн кыргыз тарапка ыраазычылыгын билдирди.

Мунун алдында ички иштер министринин кеңешчиси Бакыт Сеитов Бишкек шаарында жана Чүй облусунда 13-18-майга караган түндөрү болгон окуялар боюнча бардык шектүүлөр аныкталып, кармалганын билдирген.

“Азаттыкка” берген комментарийинде ал 11 кылмыш иши козголуп, 75 жабырлануучу такталганын айтты. Жабыр тарткандар Пакистандын жана Бангладештин жарандары. Бардыгы болуп кылмышка шектүү катары Кыргызстандын 21 жараны кармалды. Андан тышкары Египеттин төрт жаранына иш козголуп, үй камагына чыгарылган.

17-майда социалдык түйүндөрдө “чет элдиктер аралашкан” деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тарап, айрым колдонуучулар сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышкан. 18-майга караган түндө Бишкектин чыгыш тарабындагы көчөлөрдүн биринде адамдар топтолуп, чет элдик студенттер жашаган жатаканага кирип барып, башаламандык жаралган.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол күнү Чүй менен 7-апрель көчөлөрүнүн кесилишинде чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук баары тарап кеткенин билдирген.

Бул окуядан кийин Пакистандын премьер-министринин орун басары, тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар Бишкекке келип, Улуттук госпиталда дарыланып жаткан пакистандык жарандардан кабар алып кеткен. (ErN)

XS
SM
MD
LG