Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:15

Кытай Грузиянын Кара деңиз жээгине ири порт курат


Анаклия мурда Кара деңиздеги курорттук шаар болчу, эми ал жакка Кытай порт курганы жатат.
Анаклия мурда Кара деңиздеги курорттук шаар болчу, эми ал жакка Кытай порт курганы жатат.

Грузия Анаклия аймагында терең деңиз портун куруу долбооруна талапкерлик тууралуу арыз кытайлык бир компаниядан гана түшкөнүн жарыялады. Экономика жана туруктуу өнүгүү министри Леван Давиташвили 29-майда өткөн пресс-конференцияда маалымдагандай, сунуштар швейцариялык-люксембургдук консорциумдан жана Кытайдын China Communications Construction Company Limited ишканасы менен Сингапурдун China Harbour инвестициялык компаниясынан биргелешкен сунуш катары түшкөн.

Эки талапкер менен тең бир нече ай сүйлөшүү жүргүзүлгөнү, акыркы чечимин кытайлык консорциум гана бергени маалымдалды.

"Арыз толтурулду, тийиштүү банктык кепилдиктер берилди. Бир нече күндөн кийин кеңири маалымат таратабыз, ошондон кийин жеңүүчү деп кытайлык консорциум жарыяланат", - деди Давиташвили.

Грузиянын тарыхындагы мындай ири порттун курулушу Тбилиси менен Бээжиндин ортосундагы улам өнүгүп жаткан алаканын көңүл борборунда болору белгиленүүдө.

Анаклияга порт куруу аракети буга чейин да көрүлүп, Грузиянын TBC Bank банкынын жана АКШнын Conti International компаниясы ортосунда консорциум түзүлгөн. Бирок бир нече жыл созулган саясий тирештен кийин грузин өкмөтү 2,5 миллиард долларлык келишимди 2020-жылы жокко чыгарган. Буга грузин банкына байланыштуу эки жетекчи арам акчаны адалдоого аракет кылган деп айыпталганы себеп болгон.

Банктын негиздөөчүлөрүнүн бири Мамука Хазарадзе келишимдин жокко чыгарылышына анын Грузиянын мурдагы премьер-министри, кремлчил миллиардер саясатчы, 2021-жылдан бери өлкөнү башкарып келе жаткан “Грузин кыялы” партиясынын негиздөөчүсү Бидзина Иванишвили менен жеке тиреши себеп болгонун айткан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG