Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:11

Президент Жапаров жумушчу күчү жетпей, цехтерде иш токтой баштаганын айтты


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда жумушчу күчү жетишпей жатканы тууралуу кайрылуу жасады. Бул тууралуу ал 30-майда Фейсбукка жазып, акыркы эки жылдан бери активдүү иштей баштаган тигүү цехтери, курулуш компанияларынын иши жумушчу күчү жетишпегендиктен токтой баштаганын белгиледи.

Мамлекет башчысы иш таппай жүргөндөрдү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине кайрылууга чакырып, айлык акы 20-30 миң сом экенин, иштин көлөмүнө жараша андан көп болорун айтты.

"Тейлөө тармагына да кызматкерлер жетишпей жаткандыгы боюнча кайрылуулар түшүп, компаниялардын жетекчилери чет өлкөлөрдөн келе турган жумушчулар үчүн квоталарды көбөйтүшүбүздү суранышууда", - деди президент.

Кыргызстандын тигүү тармагына соңку жылдары Пакистан, Индия жана Бангладештен жумушчулар көп келе баштаган. Кыргызстандын жеңил өнөр жайындагы өндүрүлгөн продукциянын көлөмү өткөн жылы 62% өскөн.

Бишкекте 18-майдагы чет элдиктер сабалган окуядан кийин бир нече тигүү цехи жумушчулар кетип калып, иш токтой баштаганын айтып чыгышкан.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2023-жылдын эсебинде Кыргызстанда 20 миңден ашуун бош жумуш орундары болгонун, 2024-жылдын май айына карата анын 6 миңден ашыгы дале бош турганын билдирген.

Министрлик ошол себептүү Кыргызстан да башка мамлекеттер сыяктуу чет элдиктердин өлкөгө келип иштешине уруксат берип жатканын, чет элдик жарандар тигүү, тейлөө жана башка багыттарда муктаждыкты канааттандырарын белгилеген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG