Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:30

Булгаковдун "Мастер менен Маргарита" романы кыргызча чыкты


 "Мастер менен Маргарита" романы.
"Мастер менен Маргарита" романы.

Орус жазуучусу, драматург, театр режиссеру жана дарыгер Михаил Булгаковдун "Мастер менен Маргарита" романы кыргыз тилинде биринчи жолу жарык көрдү.

Романды журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу 2019-жылы көзү тирүүсүндө кыргызчалап, басып чыгарууга үлгүргөн эмес.

Маркумдун жубайы Назира Саалиеванын айтымында, китепти Маданият министрлиги менен Жазуучулар бирлигинин колдоосу астында "Улуу тоолор" басмаканасы миң нускада басып чыгарды. Китеп өлкөдөгү китепканаларга таратылат.

"Мастер менен Маргарита" - XX кылымдагы классикага айланган философиялык, көркөм, мистикалык чыгармалардын бири. Романдын өзөгүн Иисус Христостун жана Понтий Пилаттын окуясы түзөт.

Адабият сынчылары бул эки каарман аркылуу Булгаков советтик интеллигенцияны жана бийликти бетме бет коюп, ак менен каранын кармашын сүрөттөгөнүн белгилешет. Жазуучу диктатураны жек көрүп, кандуу репрессияны жактырбагандыктан, чыгармада Воланд аркылуу Сталиндин образын берген деген да пикирлер айтылып жүрөт.

Булгаков романдын алгачкы версиясын "Инженердин туягы", "Кара маг" деп атап, кийин өрттөп салган. 1932-жылы кайра жаза баштап, төрт жылда бүтүргөн. Жазуучу 1940-жылы 49 жашында оорудан улам көз жумган. Чыгарма автордун өлүмүнөн 26 жыл өткөндөн кийин, 1966-жылы "Москва" журналына жарыяланган. 1989-жылы китеп болуп чыккан.

Романды которгон журналист, акын, котормочу Эрнис Асек уулу 2020-жылы 29-январда 49 жашында жүрөк оорусунан каза тапкан. Ал убагында "Асаба", "Агым", "Де-Факто" гезиттеринде башкы редактор болуп эмгектенген. Адабий чөйрөдө өзгөчө стили бар акын, дүйнөлүк адабияттан бир топ чыгармаларды кыргызчалаган котормочу катары белгилүү болчу.

  • "Мастер менен Маргарита" романы Орусиянын өзүндө бир канча жолу экрандаштырылган. Акыркысын режиссер Михаил Локшин тартып, көркөм тасма быйыл январь айында прокатка чыккан. Локшин Орусиянын Украинага каршы согушун сындаганы үчүн өлкөдөн кетүүгө аргасыз болгон. Орусиянын Маданият министрлиги бул үчүн ага гонарар берилбей турганын билдирген. Айрым кино сынчылар Орусияда согушка каршы болуп сыртка чыгып кеткен интеллигенция өкүлдөрүнө карата кысымды Булгаковдун доорундагы диктатуранын кайталанышы катары сыпатташкан. (ST)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG