Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:19

Израил Газанын Египет менен чектеш тилкесин өз көзөмөлүнө алганын жарыялады


Египеттин Газа менен чектеш тилкеси.
Египеттин Газа менен чектеш тилкеси.

Израил армиясы (ЦАХАЛ) Газа секторунун Египет менен чектеш тилкесиндеги Филадельфия коридору деген аталыш менен белгилүү болгон 14 чакырымдык буфердик зонаны өз көзөмөлүнө алганын 29-майдын кечинде билдирди.

Ал жерден ХАМАС тобунун (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) согушкерлери колдонуп келген 20 туннель жана 80ден ашуун туннель шахтасы табылганы маалымдалды. Ошол жолдор аркылуу, ЦАХАЛ кабарлагандай, Египет тараптан Газага курал-жарак жөнөтүлүп турган.

Израил Филадельфия коридорун 1995-жылдагы Осло келишиминен тартып 2005-жылы аскерлери Газадан толук чыгып кеткенге чейин көзөмөлдөп турган. Андан соң Израил армиясы чек араны көзөмөлдөөнү Египет тараптан египеттиктерге, палестин тараптан Палестин автономиясына өткөрүп берген.

Палестин бийлиги чек араны 2007-жылы Газага бийликке ХАМАС келгенге чейин көзөмөлдөп турган.

Израил бул коридорду Газадагы операциясы алкагында өз көзөмөлүнө алууну пландап жатканы быйыл жыл башында белгилүү болгон. Премьер-министри Биньямин Нетаньяху сектордун Египет менен чек арасын көзөмөлгө алмайынча ХАМАСка каршы согушун жыйынтыктай албай турганын билдирген.

Газанын түштүгүндөгү Рафах шаары бүгүн 30-майда да интенсивдүү артиллериялык чабуулга кабылганын жергиликтүү тургундарга таянып France24 кабарлады. Сектордун түндүгүндөгү айрым жерлерди да түтүн каптаганы маалымдалды.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен дээрлик сегиз айдан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 35 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Бул сан күмөн жаратпай турганын БУУ да маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG