Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:03

Чет элдиктерге мүлк сатууга уруксат берген мыйзам экинчи окууда кабыл алынды


Ысык-Көлдүн жээгинен тартылган сүрөт.
Ысык-Көлдүн жээгинен тартылган сүрөт.

Чет өлкөлүк жарандарга Ысык-Көлдүн аймагынан мүлк сатып алууга уруксат берген мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш экинчи окууда кабыл алды.

“Ысык-Көл экологиялык-экономикалык тутумун туруктуу өнүктүрүү жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун депутаттар 30-майда талкуулап, көпчүлүк добуш менен жактырышты. Документке жыйынга катышкан 59 депутаттын төртөө каршы болду.

Мыйзам долбоорунун авторлору - депутаттар Балбак Түлөбаев, Элмурза Сатыбалдиев жана Бакыт Сыдыков.

Депутаттар Султанбай Айжигитов, Гуля Кожокулова мыйзам долбоорундагы рекреациялык аймактардын тизмесин тактоо, алардын катарынан жер аянттарын алып салууну жана оңдоп-түзөтүүлөрдү киргизип, оңдоп чыгууну сунушташты.

Демилгечилер мыйзам долбоору Кыргызстанга инвестиция тартууну көздөй турганын айтып, "жер тилкеси эмес, анын үстүнө курулган мүлктү сатууга уруксат берилерин" билдиришти. Баяндамачылар рекреациялык объектилердин катарына эс алуу зоналары, коттеждер, мейманканалар жана башка жайлар кирерин белгилешүүдө.

Мурдагы мыйзамга ылайык, Кыргызстандын Ысык-Көлдөн башка аймактарынан чет элдиктерге мүлк сатып алууга уруксат берилген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG