Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:02

Алайда гималай кумайына аңчылык кылган деп шек саналгандар кармалды


NABU-Кыргызстан уюмунун адистери тарткан сүрөт.
NABU-Кыргызстан уюмунун адистери тарткан сүрөт.

Оштун Алай районунда Кызыл китепке кирген куштарга аңчылык кылган деп шек саналган эки адам кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" жаныбарларга камкордук кылуу менен алектенген NABU-Кыргызстан уюмунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, алар 29-майда Нура айылынын четинен шумкар жана карчыга сымалдуулар түркүмүнө кирген эки гималай кумайын жана бир кызыл суурду атканы аныкталган. Аларды Алай райондук Жол коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери, райондук администрациянын аңчылык боюнча адиси жана NABU-Кыргызстан уюмунун Түштүк бөлүмүнүн “Барс-2” тобунун кызматкерлери атайын рейддин алкагында колго түшүргөн.

Расмий маалыматта иш Алай райондук Ички иштер башкармалыгына өткөрүлүп берилгени белгиленген.

Гималай кумайы Алай жана Тянь-Шань тоо кыркаларын байырлап, аска зоолордо уялайт жана мал жандыктардын тарпы менен азыктанат.

Мыйзам боюнча гималай кумайын аткандар 100 миң, кызыл суурду өлтүргөндө 3 миң сом айып пул төлөшү керек.

Мунун алдында Кара-Кулжа районунда Кулун-Ата мамлекеттик жаратылыш коругунун аймагында белгисиз кишилер үч кийикти атканы аныкталган. Адистер жаныбарлардын терисин тапкан, ким атканы аныктала элек. Факт боюнча акт түзүлүп, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ош аймактык башкармалыгына өткөрүлүп берилди. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG