Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:01

1-июндан баштап оор жүк ташыган унаалардын жолдо жүрүүсүнө чектөө киргизилет


Оор жүк ташуучу автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.
Оор жүк ташуучу автоунаалар. Иллюстрациялык сүрөт.

1-июндан 1-сентябрга чейин абанын күндүзгү температурасы 28 °C градус жана андан жогору болгон учурда, эртең мененки саат 10:00дөн кечки саат 20:00гө чейин жүк ташыган автоунаалардын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Мында максималдуу жалпы массасы 18 тоннадан ашкан оор жүк ташуучу унаалардын кыймылына тыюу салынат.

Чектөө жүргүнчү ташыган, гуманитардык жардамды ташыган, тез бузулуучу тамак-аш азыктарын жана кооптуу жүктөрдү ташыган, берилген атайын уруксаттын негизинде ири көлөмдөгү жүктөрдү ташыган, жол курууга жана оңдоого тартылган унааларга (берилген ордер боюнча) жайылтылбайт.

Киргизилген чектөөнүн сакталышын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти көзөмөлгө алат. Текшерүү иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат.

Оор жүк ташыган унаалардын жолдо жүрүүсүнө чектөө жолдордун сапатын сактоо, анын талкаланышына жол бербөө максатында киргизилүүдө. (ErN)

XS
SM
MD
LG