Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:49

Швеция Украинага заманбап радиолокациялык учактарын берет


Украин президенти Владимир Зеленский (солдо) жана Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон. 2023-жылдын август айы.
Украин президенти Владимир Зеленский (солдо) жана Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссон. 2023-жылдын август айы.

Швеция Украинага 1,16 млрд евролук жардам бөлүүдө. Бул тууралуу маалымат бүгүн 29-майда швед өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланды. Ушуну менен Швеция Украинага 16-жолу аскердик жардам көрсөтүүдө, бул буга чейинкилердин арасынан эң ири жардам болору белгиленди.

Жардамдын ичинде бутага жетүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүүчү ASC 890 радиолокациялык чалгын жана башкаруу учагы, украин армиясынын жаңы бригадаларынын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтө турган бронетранспортерлордон 302 даана, абадан коргонуу системаларында колдонулуучу Rb 99 (AMRAAM) ракеталары, артиллериялык ок-дары, автоцистерналар жана башка каражат бар.

Өлкөнүн коргоо министри Пол Йонсон НАТОго мүчө болгондон кийин Украинага Gripen истребителдери да берилиши мүмкүн экенин айтты.

Европа Биримдигинин башкы дипломаты Жозеп Боррел Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Орусиядагы объектилерге соккусу, эгер пропорционалдуулук бар болсо, мыйзамдуу деп эсептелерин 28-майда биримдиктин коргоо министрлеринин жыйынында айтты.

Украина Орусиянын соккуларын токтотуунун негизги жолу катары анын аймагындагы аскердик объектилерди жок кылууну атап келет. Бул үчүн ал Батыштан жардам иретинде алып жаткан курал-жаракты Орусиядагы объектилерге каршы колдонууга уруксатты көптөн бери талап кылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG