Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:53

Путин мурдагы жансакчысын Мамкеңешке катчы кылып дайындады


Алексей Дюмин жана Владимир Путин.
Алексей Дюмин жана Владимир Путин.

Орусия президенти Владимир Путин өзүнүн мурдагы жансакчысы, Тула облусунун губернатору болуп иштеп келген Алексей Дюминди Мамлекеттик кеңештин катчысы кылып дайындады. Бул тууралуу жарлыгы Кремлдин сайтына бүгүн, 29-майда жарыяланды.

Губернаторлукту 2016-жылдан бери аркалап келген Дюмин бул кызматтан быйыл 14-майда алынып, президенттин жардамчысы болуп дайындалган. Кремлдин басма сөз кызматы ал коргоо-өнөр жай комплексине жана спорт тармагына жооптуу болорун билдирген.

Дюмин президенттик байланыш башкармалыгындагы карьерасын мурдагы президент Борис Ельциндин тушунда баштаган, ошол кезде эле ал Путин менен жакын байланышта болгон. 1999-жылы Путин премьер-министрликке дайындалганда жансакчысы болуп иштей баштаган.

Орусиянын Мамлекеттик кеңеши – өлкөнүн саясатынын негизги багыттарын аныктоочу, президентке караштуу кеңеш берүүчү орган. Анын курамына өкмөттүн, парламенттин, президенттик администрациянын, аймактардын жана парламенттик фракциялардын башчылары кирет. (RK)

XS
SM
MD
LG