Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:29

“Аккула” ат майданын сатуу үчүн кайрадан аукцион жарыяланды


“Аккула” ат майданы.
“Аккула” ат майданы.

Бишкек шаарынын мэриясы Термечиков көчөсүнүн №1 дарегинде жайгашкан “Аккула” ат майданынын жерин сатуу үчүн кайрадан аукцион жарыялады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

16-майга белгиленген биринчи аукцион арыз жоктугуна байланыштуу өтпөй калган.

Мэрия аукционду апрелдин башында жарыялаган. Мындан кийин социалдык тармактарда аталган демилгени сынга алгандар ат майдандын жерин паркка айлантууну сунуштап чыгышкан. Бишкек мэри Айбек Жунушалиев муну журналисттерге комментарийлеп жатып, “шаарда батирге муктаж жарандар көп экенин айтып, көп кабаттуу үйлөр түшкөнү туура болот” деп айткан.

Ат майдандын аянты 45,73 гектар жерди түзөт жана андагы имараттардын аянты 1818,5 чарчы метрге жетет. Көз карандысыз эксперттер ипподромго баалоо жүргүзүп, объекттин баштапкы баасын 8,7 млрд сом деп эсептеп, ушул суммага аукционго коюлган.

Улуттук оюндардын түрлөрү боюнча мелдештер өтүп келаткан, үч миң орундуу “Аккула” ("Ак-Кула") ат майданы 1947-курулган. Мэрия анын жалпы аянты 57,4 гектар, 1,6 гектары боюнча соттук териштирүүлөр жүргөнүн, ипподром авариялык абалда, адамдар үчүн кооптуу экенин билдирип келет.

Президент Садыр Жапаров быйыл 21-мартта жаңы “Аккула” ат майданынын курулушуна капсула салган. Ал Сокулук районунун аймагында – Бишкек-Ош жолунун боюнда курулат. Ал үчүн 215 гектар жер бөлүнгөн, 20 миң орундуу болот. Жапаров эски “Аккула” ат майданынын ордуна ипотекалык кабат үйлөрдү куруш керек экенин айткан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG