Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:50

AI: Өлүм жазасы боюнча көрсөткүч он жылдагы эң жогорку деңгээлге жетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнөдө жүзөгө ашырылган өлүм жазасы боюнча көрсөткүч соңку он жылда эң жогорку деңгээлге жеткенин, буга Ирандагы абал түрткү болгонун бүгүн 29-майда Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму билдирди.

Уюмдун жаңы баяндамасында белгиленгендей, 2023-жылы 1153 киши өлүм жазасына тартылган (Кытайдагы миңдеген ыктымал окуяларды эсепке албаганда), бул 2022-жылга салыштырганда 30% көп. Кытай бийлиги өз статистикасын ачык жарыялабайт.

Уюм жазалоонун бул түрү көбөйдү деп Иранды өзүнчө бөлүп талдап, бийлик "калк арасында коркуу сезимин жайылтуу жана бийликтин көзөмөлүн бекемдөө" максатында 2023-жылы кеминде 853 кишини дарга асканын, бул бир жыл мурдагыга караганда 48% көп экенин белгиледи.

"Иран бийлиги адам өмүрүн эч нерсеге тете көрбөстүгүн" көрсөтүп жатканын уюмдун башкы катчысы Агнес Калламард айтты.

Былтыр дүйнө жүзүндө өлүм жазасына тартылган адамдардын кеминде 24ү аял экени, дагы кеминде бешөө кылмыш жасаганы тууралуу айып тагылган учурда жашы жете элек куракта болгону маалымдалды.

Өлүм жазасы колдонулган өлкөлөр былтыр азыраак (16) болгону да кабарланды. Мисалы, Amnesty уюмунун маалыматына караганда, Беларус, Жапония, Мьянма жана Түштүк Судан өлкөлөрүндө 2023-жылы мындай ыкма колдонулган жок.

Укук коргоочулардын айтымында, көбүнчө өлүм жазасы Кытай, Иран, Сауд Арабиясы, Сомали жана АКШда колдонулат. Кошмо Штаттарда былтыр 24, ага чейинки жылы 18 киши соттун чечими менен өлүм жазасына тартылган.

Дүйнөнүн көпчүлүк өлкөлөрүндө, анын ичинен Кыргызстанда, өлүм жазасына тыюу салынган. Орусияда мораторий жарыяланган, бирок быйыл "Крокус Сити Холлдогу" кеминде 145 адамдын өмүрүн алган окуядан кийин бул өлкөдө андай чектөөнү алуу сунуштала баштады.

Amnesty International уюмунун баяндамасына соттун чечими менен ишке ашырылган өлүм жазасы боюнча гана маалыматтар кирет. Соттон тышкаркы, анын ичинен Украинада катталып жаткан окуялар камтылбайт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG