Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:46

Польша Беларус менен чек арасына буфердик зона түзөрүн билдирди


Польша-Беларус чек арасы.
Польша-Беларус чек арасы.

Польша Беларус менен чек ара тилкесине 200 метрлик буфердик зона түзөрүн 29-майда өлкөнүн премьер-министри Дональд Туск билдирди. Ал польшалык аскерлер жана офицерлер чек араны азыркыдай шартта кайтарып, өмүрүн тобокелдикке салып жатканын белгиледи.

Жараат алган чек арачыга жана анын үй-бүлөсүнө тийиштүү жардам көрсөтүлүп жатканын айткан өкмөт башчы чек арага кошумча күч жөнөтүлгөнүн кабарлады.

Польшанын Беларус менен чек арасынын жалпы узундугу 398 чакырымды түзөт. Дүйшөмбү күнү Беларус тараптан 50 чакты чет өлкөлүк жаран күчтөп өтүүгө аракет кылганда чек арачылардын бирине бычак менен кол салышкан.

Туск Польша Беларус жана Орусия менен чек арасын “эч ким өтө алгыс” кылып бекемдөөгө, ал жактагы коопсуздугун камсыздоого 10 миллиард злотый (2,55 миллиард доллар) сарптай турганын 18-майда билдирген.

Анын айтымында, «Чыгыш калканы» деп аталган долбоор алкагында чек арада «ыктымал душман өтө алгыс боло тургандай» тилке түзүлүп, аскердик жактан бекемделет.

Польшанын чыгыш тарабында Беларус менен чек арасында 2021-жылдан бери миграциялык кризис уланууда. Жүздөгөн, айрым учурларда миңдеген мыйзамсыз мигрант Европа Биримдигинин аймагына ошол тилке аркылуу өтүүгө аракет кылган окуялар катталган. Польша бул үчүн орус жана беларус бийлигин «шыкакчы болууда» деп айыптап келет.

Быйыл апрель айында Польша менен Беларустун ортосундагы чек арада мигранттардын Европа Биримдигине агымы рекорддук санга жеткен – бир айда 5500 киши катталган.

2021-жылы Орусиянын негизги союздашы болгон Беларус Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө туристтик агенттиктерди ачып, Европага мыйзамсыз өтүү жолдорун сунуштай баштаган. Ошондон бери Польша менен чек ара тилкесинде абал чыңалып турат. (RK)

Беларус мыйзамсыз мигранттарды жөнөтүп жатканы тууралуу айыптоолорду четке кагууда. (RK)

XS
SM
MD
LG