Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:56

Босниялык сербдер өкмөтү "чет элдик агент" мыйзамын чакыртып алды


Серб республикасынын парламенти. Архив сүрөт.
Серб республикасынын парламенти. Архив сүрөт.

Босния жана Герцеговинанын курамындагы Серб республикасынын (Republika Srpska) өкмөтү парламенттин кароосуна жөнөткөн «чет элдик агент» мыйзамын кайра чакыртып алды. Өкмөттүн бул чечими тууралуу өлкөнүн юстиция министри, вице-премьер-министр Милош Букейлович 28-майда жарыялады, бирок себебин түшүндүргөн жок.

Босния жана Герцеговина Европа Биримдигине мүчөлүккө талапкер макамын алган өлкө.

Босниялык сербдердин лидери, Орусияга ыктаган саясатчы, Серб республикасынын президенти Милорад Додиктин мындай мыйзамды кабыл алуу демилгесин АКШ жана Европа Биримдиги кескин айыпташкан.

Мыйзам долбоорунда сырт жактан каржылоо алып, саясий ишмердүүлүк жүргүзгөн же коомдук пикирге таасир эткен делген коммерциялык эмес уюмдарды «чет элдик таасирдеги агент» деп атап, өзүнчө реестр түзүп, каттоо керектиги сунуш кылынган. Каттоого туруунун бийлик аныктаган жол-жобосун аткарбагандарды жаап же айыппул салуу керектиги белгиленген.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган.

Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген, бийликтеги "Грузин кыялы" сунуштаган долбоорду кабыл алуу жараяны Грузияда миңдеген кишинин нааразылыгына карабастан соңуна келип калды.

Ушундай эле мыйзам Кыргызстанда да кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG