Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:54

Салык кызматы көзөмөл-кассалык аппараттар ишкерлерге акысыз берилип жатканын билдирди


Көзөмөл-кассалык машине (ККМ). Иллюстрациялык сүрөт.
Көзөмөл-кассалык машине (ККМ). Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге 32 миң даана көзөмөл-касса машиналары (ККМ) акысыз таратыла баштаганын билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, акысыз ККМ түрдүү себептер менен аппаратты өзү сатып ала албаган ишкерлерге берилет. Ошондой эле базарларда жана кичи базарларда иштеп, патенттик системадан салык төлөөнүн башка түрлөрүнө өтүп жаткан ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында акысыз таратылууда.

Акысыз ККМ алууну каалаган ишкер иш жүргүзгөн жери боюнча аймактык салык органына арыз бериши керек.

2023-жылдын аягында Кыргызстанда көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонгон ишкерлердин саны 75 695ке жетип, 2020-жылга салыштырмалуу төрт эсе көбөйгөнү кабарланган. 2020-2021-жылдары аталган аппараттарды колдонгондор Кыргызстанда 15-20 миңдей гана болчу.

Салык кызматынын маалыматына караганда, Кыргызстанда ККМ колдонгон ишкерлердин саны 150 миңге чейин жеткирилет.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. (ZKo)

XS
SM
MD
LG