Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:59

Блинкен Чыгыш Европа сапарын Молдовадан баштоодо


Энтони Блинкен жана Майя Санду. Архивдик сүрөт.
Энтони Блинкен жана Майя Санду. Архивдик сүрөт.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Орусиянын Украинанын аймагындагы алдыга жылуусуна, Молдовага жаратып жаткан ыктымал коркунучуна жана Грузияда «чет элдик агент» орусиячыл мыйзамы кабыл алынганына байланышту бир апта Чыгыш Европаны кыдырып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн Мамлекеттик департамент билдирди.

Бүгүн 29-майда Блинкен Молдованын борбор калаасы Кишиневго барат, бейшемби жана жума күндөрү НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Чехиянын борбору Прагадагы жыйынына катышат.

Кишиневдо Блинкен Молдова президенти Майя Санду менен жолугушуп, АКШнын бул өлкөнүн Европа Биримдигине мүчө болууга карай жолундагы прогрессине колдоосун билдирет.

Молдова Орусияны өлкөгө каршы “гибриддик согуш” жүргүзүп жатат, жергиликтүү шайлоолорго кийлигишип, өкмөттү кулатып, Евробиримдикке мүчө болуу жолунан адаштыруу үчүн жалган маалымат таратып жатат деп айыптап келет.

Орусия мындай айыптоолорду четке кагууда. Бирок Молдованын курамындагы Приднестровье жикчил аймагында быйыл февралда орусиячыл саясатчылардын жыйыны өтүп, «коргоп бергиле» деп Орусияга кайрылуу кабыл алышкан окуя расмий Кишиневдун кооптонуусун жараткан.

Орусия эки жылдан ашуун убакыттан бери агрессиясын көрсөтүп келе жаткан Украина менен чектеш Молдова орус бийлигинин кол салуусун чечкиндүү түрдө айыптаган. Өнүгүү Москванын эмес, Батыштын баалуулуктары жолунда гана болушу мүмкүн экенин белгилеген Молдова бийлиги 2022-жылдын июнь айында Евробиримдикке талапкер макамын алууга жетишкен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG