Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:08

Бишкекте ЖЭБ жана автобекет баштаган объектилер мэриянын карамагына өткөрүлдү


Бишкек ЖЭБи жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.
Бишкек ЖЭБи жарылуудан кийин. Февраль, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы – Президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров баштаган өкмөттүн кезектеги жыйынында борбор калаадагы Чыгыш автобекетинин имаратын Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө токтомдун долбоору жактырылды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайты кабарлады.

Мындан сырткары жыйында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин Бишкек шаарындагы аянты 1,14 га болгон жер тилкеси менен кошо административдик имарат мектепке чейинки билим берүү мекемесин уюштуруу үчүн мэрия өкткөрүү чечими кабыл алынды.

Өкмөттүн отурумунда “Бишкек жылуулук тармактары” мекемесинин филиалдарын жана Бишкек жылуулук электр борборун (ЖЭБ) мэриянын карамагына өткөрүү боюнча маселе да колдоо тапты. Минкаб башчысы Акылбек Жапаров Бишкек шаардык мэриясы Финансы министрлиги жана Энергетика министрлиги менен биргеликте аталган мүлктөрдү өткөрүп алуу иштерин бир айдын ичинде бүткөрүүнү тапшырды.

Расмий маалыматта мындай чечимдер мамлекеттин менчигинде турган кыймылсыз мүлктү натыйжалуу пайдалануу, Бишкек шаарынын экологиялык кырдаалын жана архитектуралык көрүнүшүн жакшыртуу максатында кабыл алынганы баяндалат.

Жыйналышта жалпы 16 маселе каралды. Алар боюнча маалыматтар да Министрлер кабинетинин сайтына жайгаштырылды.

Президент Садыр Жапаров 5-апрелде “Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Анда башка маселелер менен катар "Электр станциялары" мамлекеттик ишканасынын филиалдары: Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) жана Ош ЖЭБи, “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы да муниципалдык жылуулук менен жабдуучу ишканаларды түзүү жолу менен тиешелүү мүлкү, штаттары, каржылоосу жана милдеттенмелери менен чогуу жергиликтүү бийликтин жана шаар мэрияларынын балансына өткөрүп берүү каралган эле. Мунун максаты аталган объектилерге мамлекеттик субсидия кылууну азайтуу максатын көздөйт.

Быйыл 2-февралда Бишкек ЖЭБинде жарылуу болгон. Анын айынан электр энергиясын өндүргөн жана жылуулук берген отказандардын көбү өчүп калган. Натыйжада борбор калаада жылуулук жана ысык суу берүү чектелип, үч күндөн кийин калыбына келтирилген. Кырсыкта беш адам жабыркап, абалы оор эки жумушчу Түркияга дарыланып келди. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG