Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:51

Рузахуновдун иши боюнча Алматынын полиция башчысынын мурдагы орун басары кармалды


Викрам Рузахунов.
Викрам Рузахунов.

Казакстанда 2022-жылдын Январь окуясында жарандар күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылган окуяга байланыштуу иш боюнча Алматынын Полиция департаментинин башчысынын мурдагы орун басары Берик Абилбеков кармалганын бүгүн 28-майда өлкөнүн Башкы прокуратурасы билдирди.

«Маалым болгондой, Башкы прокуратура 2022-жылдын январь айында Алматы облусунун Карасай районунун Кошмамбет айылында жайгашкан атайын убактылуу кармоочу жайда жарандарга карата кыйноо колдонуу фактысы боюнча кылмыш ишин териштирип жатат», - деп билдирди мекеменин басма сөз кызматы.

Абилбеков кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кыйноого кабылган окуяга байланыштуу кармалганын анын адвокаты Рена Керимовага таянып Orda.kz басылмасы жазды.

Казакстанда бул иш боюнча буга чейин төрт полиция кызмактери кармалганын, өзүнөн тышкары ошол күндөрү 20дан ашуун киши кыйноого кабылганын, Казакстандын Башкы прокуратурасы ишти аягына чыгарарын, төрт кызматкердин кармалышы “башталашы гана” деп айтканын Рузахунов буга чейин билдирген.

Январь айындагы кандуу окуя учурунда ошол кезде жеке иштери боюнча Алматыда жүргөн музыкант Викрам Рузахуновду күч кызматкерлери кармап кетип, тоноп, катуу сабашкан. Аны коомчулуктун кийлигишүүсүнөн кийин гана кое берип, Бишкекке жөнөтүшкөн. Кабыргалары сынып, мээси чайкалган музыкант кыйноого кабылганын айтып чыккан. Рузахуновдун көк-ала абалда тартылган видеосу ошол күндөрү интернетте тараган.

Эмерек орнотуучу болуп Казакстанга барып-келип иштеп жүргөн кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков да Алматыдан Бишкекке кайтып келе жатканда ошол жылдын 8-январында кармалган. Коңшу өлкөнүн күч кызматкерлери андан талап-тоноочулук жана башаламандык айыптарын моюнуна алууну талап кылышкан. Эки буту жана кабыргалары сынган, мээси чайкалган абалда ал январь айынын соңунда Бишкекке жеткирилип, дароо ооруканага жаткырылган.

Алар кабылган окуялар боюнча иштер "кыйноо" беренеси менен козголгон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG