Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:40

Орусия Өзбекстанда чакан АЭС курууну көздөөдө


Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев.
Владимир Путин жана Шавкат Мирзиёев.

Орусия Өзбекстанда чакан кубаттуулуктагы атомдук электр станциясын (АЭС) курууну пландоодо. Мындай макулдашууга орус президенти Владимир Путиндин Өзбекстандагы 26-27-майдагы сапарынын жыйынтыгында кол коюлду.

Өзбекстанда Борбор Азиядагы башка республикалар саяктуу эле бир да АЭС жок.

Путин жана өзбек президенти Шавкат Мирзиёев кол койгон документке ылайык, 2018-жылдагы өкмөт аралык макулдашууга өзгөртүү киргизилет. Буга чейинкисинде жалпы кубаттуулугу 2,4 ГВт болгон эки блоктон турган АЭС куруу тууралуу жазылган. Эми сөз ар биринин кубаттуулугу 55 МВт алты энергоблокко чейинки чакан кубаттуулуктагы атомдук электр станцияларын куруу жөнүндө болууда.

Эл аралык иликтөөдө айтылгандай, Өзбекстан Батыш орус бийлигине Украинага согуш ачканы үчүн санкция салган товарлардын Орусияга ташылып кирүүсүндөгү негизги жолдордун бирине айланган. Орусиянын монополиялык «Газпром» ишканасы Европага жөнөтүлбөй калган жаратылыш газын 2023-жылдан тартып Өзбекстанга сатууда. Москва Ташкенттин былтыркы жылдын жыйынтыгы менен биринчи орунду ээлеген Бээжинден кийинки эле негизги соода-сатык өнөктөшү.

Путиндин Ташкентке сапары бешинчи жолу президенттик мөөнөткө киришкенден берки үчүнчү чет элдик сапары болуп калды. Ага чейин ал Беларуска жана Кытайга барган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG