Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:24

Жумабеков Байсаловдун сөзүнөн улам “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамды өзгөртүүнү сунуштады


Дастан Жумабеков
Дастан Жумабеков

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети 28-майдагы жыйналышында “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карады.

Демилгечи депутат Дастан Жумабеков документ тиешелүү мыйзамдын 13-беренесин өзгөртүүгө багытталганын, анда Министрлер кабинетин Жогорку Кеңештин токтомдорун аткарууга милдеттендирүү каралып жатканын билдирди.

“Мыйзам кабыл алынса, ал сөзсүз аткарылары түшүнүктүү, анын өзүнүн жол-жобосу бар. Бирок Жогорку Кеңеш чыгарган чечимдер менен токтомдор да аткаруу бийлигине берилсе, анын көбү аткарылбай калууда. Эсиңиздерде болсо керек, былтыры комитеттердин биринин жыйынында түшүнбөстүк болуп, андан чыккан соң Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов журналисттерге комментарий берген. Ал “Жогорку Кеңештин комитеттеринин чечимин биз рекомендация катары кабыл алабыз” деп айткан. “Депутаттардын токтому сунуштама катары келет, кааласак карайбыз, же аткарабыз, же аткарбайбыз” деген мааниде кеп кылган. Негизи Эдил Жолдубаевич муну туура айтыптыр, ал мыйзамга таяныптыр. Мыйзамды карап көрсөм, бизден чыккан чечимдер жана токтомдор ошондой эле болуп калат экен. Керек болсо конституциялык мыйзам деп саналган “Министрлер кабинети жөнүндө” мыйзамда да мындай нерсе жок экен. “Министрлер кабинети өзүнүн жана президенттин гана чечимдерин аткарат” деп турат. Ошондуктан мен бул мыйзамга өзгөртүү киргизип, “Министрлер кабинети Жогорку Кеңештин да чечимдерин аткарсын” деген сунуш берип жатам”, – деп айтты Дастан Жумабеков.

Комитеттин мүчөлөрү, депутаттар Гуля Кожокулова менен Жанарбек Акаев да мыйзам долбоорун колдой турганын билдирип, парламенттин ондогон токтомдору өкмөткө жөнөтүлгөнү менен, дээрлик аткарылбай жатканын айтышты. Отурумда мыйзам долбоору биринчи окуудан кабыл алынды.

Бир күн мурун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин отурумунда парламенттин сүт боюнча токтомуна байланыштуу талаш-тартыш чыккан. 14-мартта кабыл алынган токтом долбоорунда чийки сүттүн бир литринин баасы “40 сомдон кем болбосун” деп бекитилген. 27-майдагы отурумда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев "токтомду Министрлер кабинети аткара албай турганын" айтышкан.

Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин 2023-жылдын 20-июнундагы жыйналышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, “Министрлер кабинетин түзгөн президент элдин атынан сүйлөй аларын, парламенттин чечимдери кеңеш берүүчү гана мүнөздө экенин” айткан. Байсалов менен депутаттар ортосунда кайым айтышуу да чыгып, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары андан кийин журналисттерге берген интервьюсунда оюн кайталаган.

Мындан кийин Жогорку Кеңеш Байсаловду кызматтан алуу боюнча токтом кабыл алып, ал аткарылган эмес. Эдил Байсалов кийин Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири үчүн парламенттин төрагасы Нурланбек Шакиевден жана депутаттардан кечирим сураган. Ал Жогорку Кеңештин депутаттарынын беделине шек келтирүү ниети болбогонун, иштеп жаткан Конституция боюнча аткаруу бийлиги президенттин колунда экенин гана айткысы келгенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG